АЙМАКТАРДА САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПЛАТФОРМАЛАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУЛАР УЛАНУУДА
- 12.06.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева өлкө аймактарына болгон иш сапарынын алкагында, министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору үчүн санариптик билим берүү платформалары боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүүдө.
Окутуулардын негизги максаты — билим берүү тармагында колдонулуп жаткан жаңы санариптик платформалар менен натыйжалуу иш алып барууну камсыздоо жана аймактык жетекчилердин маалыматтык-коммуникациялык көндүмдөрүн бекемдөө.
Маалыматта белгиленгендей, окуу жылынын жыйынтыкталышы менен «Электрондук күндөлүк» системасында окуучулардын жылдык бааларын коюу жана класстан класска өткөрүү процесстери жүрүп жаткан учурда мындай окутуулар өзгөчө мааниге ээ.
Бүгүнкү күндө Лира Самыкбаева Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы окутууларды ийгиликтүү аяктады. Алдыдагы күндөрү Талас жана Чүй облустарында да окутуулар өткөрүлмөкчү.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер