АЙМАКТАРДА КОМАНДАЛЫК СПОРТТУ ЖАЙЫЛТУУ ҮЧҮН “МЕКТЕП ЛИГАСЫ” ДОЛБООРУ ИШКЕ КИРЕТ

  • 07.09.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Дене тарбия боюнча мамлекеттик агенттиги республиканын региондорунда командалык спортту жайылтуу үчүн “Мектеп лигасы” долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Б.Купешев бүгүн Газпром Кыргызстан мектебинде өтүп жаткан мугалимдердин республикалык жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, мындан сырткары Республикалык чыгармачылыкты жана маданиятты өнүктүрүү борборунун жана “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунун базасында балдарды жана жаштарды бул багытта камтууну кеңейтүү үчүн Республикалык дене тарбия, спорт жана маданият усулдук борбору түзүлүүдө. Окуучулардын ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү максатында, ведомство аралык топ тарабынан мектептерде медайым үчүн штаттык бирдикти киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору иштелип чыгып, ал коомдук талкууга коюлган.

— Биз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Жеке адамдын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында тарбиялык иштердеги багытты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Кыргыз Республикасынын 2021-2030-жылдарга окуучуларынын руханий-адептик өнүгүүсүнүн жана дене тарбиясынын Концепциясы иштелип чыкты жана бекитилди. Класстан тышкаркы кошумча билим берүүнү уюштуруу боюнча типтүү жобону иштеп чыккан жумушчу топ түзүлдү, — дейт Б.Купешев.

Бөлүшүү

Комментарийлер