АЙЛЫКТЫ БӨЛҮШТҮРҮҮГӨ ЧЕКИТ КОЮЛАТ
- 27.04.2026
- 0
Кыргызстандын Агартуу министрлиги мектеп директорлорунан штаттык бирдикти бир нече мугалимге бөлүштүрбөөнү суранууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Министрликтин Бюджеттик саясат, каржылык талдоо жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Акыйкат Баймуратова 2026-жылдын 1-апрелинен тарта айрым 1,5 штатта отурган мугалимдердин маянасы башкача эсептелерин кошумчалады.
— Толук штаттык бирдикте иштегендердин эмгек акысы 100%ды түзгөн, ал эми 1,5 штаттык бирдикте иштегендер үчүн жагдай бир аз башкачараак, анткени президенттик компенсация, педагогикалык стажы үчүн кошумча төлөмдөр жана башка жеңилдиктер штаттык бирдик үчүн гана эсептелген. Мисалы, президенттин компенсациясы штаттык бирдик үчүн 15 миң сом, ошондой эле 0,5 штаттык бирдик, базалык эмгек акы гана эсептелет, — деп түшүндүрдү ал.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер