АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ БОЛГОН МАМИЛЕНИ КАЛЫПТАНДЫРУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ
- 09.10.2024
- 0
8-октябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Олег Гучгельдыев башында турган кызматкерлери биргелешип иштөөнү талкуулашты.
Тараптар айыл чарба адистерин даярдоону колдоо, азык-түлүк коопсуздугу жана сууну туруктуу пайдалануу темаларын окуу программаларына интеграциялоо, окуучулардын жашыл көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
“Биздин билим берүү система өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлаша алган, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйлөрүн чече алган, экология, климаттык тобокелдиктер, жашыл экономика маселелери боюнча сабаттуу, STEM көндүмдөрүнө ээ адамды даярдашы керек”, — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Министр билим берүү программаларын талкуулоо үчүн ЖОЖдор менен жолугушууларды уюштурууну сунуштады. FAO өкүлдөрү окуу материалдары жана усулдук колдонмолор менен бөлүшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Комментарийлер