АЙГЮЛЬ КАЛЧАКЕЕВА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫНЫН РЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 09.06.2025
  • 0

2025-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Айгюль Муратовна Калчакеева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.

Бул дайындоо Конституциянын 71-беренесине ылайык жүзөгө ашырылды. Буга чейин аталган кызматты Алмазбек Акматалиев аркалап келген.

АЙГЮЛЬ КАЛЧАКЕЕВА МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫНЫН РЕКТОРУ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Айгюль Калчакеева билим берүү тармагында көп жылдык тажрыйбага ээ. Ал Кыргызстандын жана Борбор Азиянын бир катар жогорку окуу жайларында жетекчилик кызматтарда иштеген. Калчакеева Кыргызстандын билим берүү системасын санариптештирүү жана заманбап башкаруу тажрыйбаларын киргизүү боюнча активдүү аракеттерди көрүп келген адис катары таанымал.

Жаңы ректордун дайындалышы менен Мамлекеттик башкаруу академиясы коомдук башкаруу тармагында жаңы дем алып, мамлекеттик кадрларды даярдоодо заманбап талаптарга жооп берген стратегияларды ишке ашырат деп күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер