Айбусак Ереван университетинин ректору ОшМУда
- 21.05.2025
- 0
Армениядагы Айбусак Ереван университетинин ректору Сурен Арутюнян, окуу иштер боюнча проректору Яна Мариносян жана эл аралык байланыштар боюнча координациялык борбордун жетекчиси Карен Казарян Ош мамлекеттик университетинде болду.
Делегацияны ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алып, эки окуу жайдын ортосундагы байланыштар, кызматташтык аракеттери боюнча пикир алышты. Жолугушууда ушул жылдын январында ОшМУнун делегациясынын Айбусак Ереван университетине болгон иш сапарындагы Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борбору менен түзгөн келишими боюнча да сөз болду. Ага ылайык, аталган окуу жайдын медицина багытындагы адистиктери ОшМУда ординатурада окуй алышат.
Мындан сырткары медицина, бизнес жана менеджмент, компьютердик технология, юриспруденция боюнча биргелешкен кош дипломдуу билим берүүнүн окуу пландарын иштеп чыгуу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, илим изилдөө, тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Делегация күндүн экинчи бөлүгүндө ОшМУнун институттары, факультеттеринде болуп, окуу лабораториялары, клиникалары, борборлору менен таанышты. Окутуучулар, студенттер менен да жолугушууларды өткөрөт.
Айбусак Ереван университети — Армениянын алдыңкы жеке жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат.
1991-жылы академик Левон Арутюнян тарабынан негизделген.
Комментарийлер