“АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ” 

  • 30.11.2022
  • 0

“АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ” 

Бүгүн ушундай аталыштагы форумду милициянын генерал-майору Жапар Шабиров атындагы  республикалык окуу борборунун Оштогу филиалы менен  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин  юридика-бажы факультети  өткөрдү.

“АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ” 

Иш-чарага  аталган окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана курсанттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,  Оштогу жогорку окуу жайларынан жана укук коргоо органдарынан атайын чакырылган коноктор катышты. Форумду университеттин окуу иштери бооюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Топчубай Исаков ачып, куттуктоо сөзүн айтты. Андан соң атайын чакырылган коноктор аялдардын жана балдардын укугунун корголушундагы бүгүнкү көйгөйлөр боюнча ойлорун ортого салды. Иш-чаранын жүрүшүндө юридика-бажы факультетинин деканы Алмагүл Көкөева “Аял укугу – адам укугу: учурдагы көйгөйлөр”  деген темада баяндама жасады. Ага улай эле Жапар Шабиров атындагы окуу борборунун Оштогу филиалынын начальнигинин орун басары, милициянын капитаны Жаныбек Бекташев “Балдар укугун коргоо жана азыркы абал” аталышында баяндамага чыкты. Катышуучулар өткөрүлүп жаткан форум коомдун талылуу маселесин көтөрүп чыккан орчундуу иш-чара экендигин белгилешти. Суроо-жооп, кызуу талкуу менен форум жыйынтыкталды.

“АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ” 

Бөлүшүү

Комментарийлер