«АЙ КЬЮНУН» БЫЛЫГЫ АЙКЫН БОЛДУ

  • 28.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 84 бүтүрүүчүнүн аттестатын талап кылган ата-энеге жооп берди.

Айтылуу “Ай Кью” мектебинин ишинин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча түзүлгөн айтайын комиссия ата-энелер, адвокат жана мугалимдердин катышуусунда текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мектепте мамлекеттик стандарттын талабына ылайык окуу процесси толук кандуу жүргүзүлбөгөндүгү жана айрым предметтер боюнча  өтө төмөн деңгээлде өтүлгөндүгү белгилүү болду. Ошондой эле 84 окуучунун 34 Токмоктогу ИСИТО колледжинин имаратындагы беш кабинетте окуса, калганы Бишкектеги Евразия университетинин имаратынын үч кабинетинде билим алган деген ата-энелер менен директордун сөзү тастыкталган жок. Ал эмес, “биология”, ”химия”, “физика” кабинеттери тиешелүү жабыгы, санитардык эрежелери менен кошо ойдон чыгарылган экен. Окуучулардын спорт залда түшкөн сүрөттөрүн көрсөттүрүп , дене тарбия сабагы Дене тарбия жана спорт академиясынын спорт залында өтүлөт деген Н.И. агайдын сөзү дагы куру болуп чыкты, анткени ал Академиянын жетекчилиги тарабынан  төгүнгө чыгарылды.

Буга чейин ата-энелерге, “Ай Кьюнун” жетекчилигине  бир нече жолу бул окуу жай “экстернат” формасында балдарды кабыл алып окутууга укугу жок болчу деп айтылган эле, эми мыйзамсыздыктын торуна өздөрү түшүп бергендерине көздөрү жетти көрүнөт.

Ал эми окуучулар болсо республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринде же башка билим берүү мекемелеринде күндүзгү, сырттан окуу жана кечки бөлүмдөрүндө окуусун 11-класстын программасы менен улантууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп белгиледи министрлик.

А.Асаналиева «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер