АВТОМАТТАШКАН МААЛЫМАТТЫК БАШКАРУУ: ЭРКИН ТАНДОО

  • 20.02.2020
  • 0

Гезитибиздин өткөн санында “AVN – ачыкайкындыктын ачкычы” деген аталыштагы окуу процессин башкаруунун маалыматтык автоматташкан системасы тууралуу макала жарыяланган эле. Ошондон кийин Билим берүү жана илим министрлигинин адистери жана башка адистер тарабынан система, анын түрлөрү жана жогорку окуу жайларда пайдалануу эркиндиги тууралуу тактоолор айтылды. Негизи ал макалада бир эле AVN системасы жөнүндө эмес, жождордогу жалпы автоматташкан электрондук башкаруу системасы жөнүндө сөз кылуу максаты коюлгандыктан, AVN системасын активдүү колдонуп жаткан окуу жайлар жөнүндө сөз кылынган. Бирок мындан окурмандар арасында министрлик окуу жайларга бир гана AVN системасын таңуулап жатат деген пикир жаралбаш керек. Бүгүнкү күндө окуу жайларда бир гана AVN системасын эмес, окуу процессин башкаруунун маалыматтык автоматташкан системасынын каалаган түрүн тандап алганга эркиндиги бар.

 

АВТОМАТТАШКАН ПРОГРАММАНЫН ТҮРҮ БАР

АВТОМАТТАШКАН МААЛЫМАТТЫК БАШКАРУУ: ЭРКИН ТАНДОО

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын 95% ашыгы Кыргызстанда иштелип чыккан AVN EDUCATION системасын пайдаланышат экен. Ошол эле учурда Россиянын “Автор ВУЗ”, “АСУ ВУЗ” жана “УСУ” деген сыяктуу системасы менен иштегендер дагы бар. Мисалы, Бишкек мамлекеттик университети буга чейин “Автор ВУЗ” деген система менен жарым жартылай иштеп келген болсо, азыр толук кандуу AVN EDUCATIONге өтүп жатат. Ата-Түрк Ала-Тоо университети дагы буга чейин өздөрүнүн адистери тарабынан түзүлгөн системада иштеп келишкен. Жакында эле Азербайжанда иштелип чыккан РMS системасын Казакстандан сатып алып, жаңыдан өздөштүрүп башташты. Ал эми Кыргызстан эл аралык университети болсо жакында эле Россиянын “Мой университет” деген системасын сатып алып, акырындап колдонуп жатышат. Кыргыз-Түрк “Манас” университети болсо башында эле Түркиянын башка университетинен сатып алган системаны өз алдынча өздөштүрүп алган.

АВТОМАТТАШКАН МААЛЫМАТТЫК БАШКАРУУ: ЭРКИН ТАНДОО

Буга чейин Кыргызстанда мындай кызмат көрсөткөн жалгыз ата мекендик компания болуп AVN EDUCATION саналып келген. Азыр болсо “Е Билим” аттуу ЖОЖдор, колледждер жана билим берүүчү мекемелерде окуу процессин башкаруу боюнча комплекстүү маалымат системасы дагы Кыргызстандын рыногуна кире баштады. Учурда бул компания менен республикадагы ондой жогорку окуу жайы кызматташат.

– Биздин программа жаңы технологияларды колдонуу аркылуу жасалды. Башкалардан айырмачылыгы тиркеме менен телефон аркылуу дагы колдонсо болот жана үч: кыргыз, орус, англис тилинде пайдалана алат. Дагы бир өзгөчөлүгү сайттан эле тиркеме аркылуу иштесе болот. Анда окуу жараянынын ар бир функциясы бөлүнгөн. Азыр биздин программаны сатып алгандар дагы, ижарага алып иштеткендер дагы бар. Ал окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүнө жараша. Айрымдары өздөрү иштетип кетип жатышса, кээ бирлери биздин кызматты пайдаланып жатышат, — дейт түзүүчүлөрдүн бири Айгерим Жолчубекова.

AVN системасы болсо Кыргызстанда 16 жылдан бери кызмат кылат. Аны IT адиси Нурлан Саитов иштеп чыгып, алгач Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине киргизген. Учурда бул системаны Кыргызстандын кесиптик жана орто окуу жайларынын 95% ашыгы пайдаланат.

– Бизге AVNди киргизгенде башка программа жок болчу. Азыр болсо башкалары дагы чыга баштады. Негизи ата мекендик программаларды эле колдонгон ыңгайлуу. Себеби өзүбүздөн түзүлгөндөр биздин шартка туураланат. Башка жактыкы болсо өздөрүнүн системасына ылайыкташып калат экен. Акча жагынан дагы чоң айырмачылыктар бар. “1С” кампаниясынын “Универ” деген программасын дагы бизге пайдаланса болот. Мындан үч жыл мурун Ростовдон дагы бир программа алып келишкен. Бирок ал баасы жагынан бир топту чапчыйт экен. Ошондуктан биздин окуу жай AVNди гана пайдаланып келет, — дейт ОшМУнун окуу-маалыматтык бөлүмүнүн башкы адиси Таалайбек Ибраимов.

 

 

ПРОГРАММАЛАР КАНЧА ТУРАТ?

АВТОМАТТАШКАН МААЛЫМАТТЫК БАШКАРУУ: ЭРКИН ТАНДОО

Адистердин айтымында, сырттан алынып келинген программалар бир топ суммадагы каражатты талап кылат. Кыргызстандын окуу жайлары болсо мындай акчаны төлөп бере алышпайт. Ошондуктан ата мекендик программаларды гана пайдаланууну туура деп эсептешет.

– Мисалы, биз AVNди убагында миң долларга эле сатып алганбыз. Ал кезде бир доллардын баасы кырк сом эле болчу. Азыр техникалык тейлөөгө айына он алты миң сомдун тегерегинде төлөйбүз. Башка окуу жайлардыкы башкача сумма болушу мүмкүн. Себеби кызматтын баасы студенттердин контингентине жараша бааланат. Ал эми Ростовдон келген программа миллион рубль турат экен. Бул Кыргызстандын жождору үчүн чоң акча, — дейт Таалайбек Ибраимов.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер