АВТОБУС КАТТАМДАРЫ ЖҮРӨ БАШТАДЫ

  • 25.11.2022
  • 0

Мурда айтылгандай, Бишкек шаарында тесттик жеримде мектеп автобустары каттай баштады. Бул тууралуу долбоордун мененджери Аязбек Мадалов билдирди.

АВТОБУС КАТТАМДАРЫ ЖҮРӨ БАШТАДЫ

Маалыматка ылайык, биринчи этапта Өзбекстандын ISUZU үлгүсүндөгү эки автобус тартылып, эки каттам аныкталган. Ал автобустар азырынча төрт негизги мектептин окуучуларын ташыйт жана ошондой эле ал автобустар өтө турган жолдо жайгашкан бир нече мектептин окуучуларын кошо сала кетет.

Тактап айтканда, бекитилген машруттар №13, №70, №69 жана №29 мектептер аркылуу өтөт. Каттамдардын жүгүртмөсү ата-энелердин суроо-талабы боюнча жаңыртылып, толукталууда. Айрым ата-энелердин айтымында, жол кире 25 сомду түзөт жана жол кире карталарын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Эскерте кетсек, аталган долбоор пилоттук режимде мэрия менен жеке компания тарабынан биргеликте ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер