АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

  • 28.08.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуу-тарбия процессин уюштурууну жакшыртуу жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги фактору катары мугалимдердин чыгармачылык потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулган билим берүү системасынын кызматкерлеринин Август педагогикалык конференциясы башталды.

 

Санарип билим жана жашыл көндүмдөр» педагогдордун август конференциясы «Маариф» билим берүү комплексинде өтүүдө.  Иш-чарада билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев сүйлөйт. Андан соң Билим берүү жана илим министрлигинин жана «ТҮРКСОЙ» эл аралык фондунун сыйлыктарын тапшыруу аземи болот.
Ушул эле күнү мастер-класстар өтөт. Түштөн кийин мектептедин, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-усулдук кабинеттерининтеринин, кесиптик орто билим берүү мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын жетекчилери үчүн билим берүү уюмдарын эл аралык аккредитациялоо боюнча баяндама лекциясы болот. Ушул эле учурда мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн мастер- класс өтөт.

АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Бөлүшүү

Комментарийлер