АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ: БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ПАРАДИГМАСЫ ЖАНА ЖАҢЫ ФОРМАЦИЯДАГЫ МУГАЛИМДИН ОБРАЗЫ
- 29.08.2023
- 0
Мугалимдердин республикалык Август конференциясында Лейлек районундагы Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, “Мугалим” төш белгисинин ээси Жеңишбек Абдиназаров “Билим берүүнүн парадигмасы жана жаңы формациядагы мугалимдин образы” деген темада баяндама жасады.
“Балдарыңарды өз учуруңарга эмес, келечекти эске алып тарбия бергиле. Албетте, алар силердин мезгилиңерден башка мезгил үчүн жаратылган. Аларды ошол мезгилге ылайыктуу кылып тарбия кылууда кемчилик кетирбегиле” (Азретали Али)
Адамзат жана аны курчап турган айлана-чөйрө, жашап жаткан дүйнө өзгөрүүсүз калбайт. Бүгүн биздин дүйнө абдан тездик менен өзгөрүп, ааламдашуу доору жүрүп жатат. Коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык, коомдук-саясий өзгөрүүлөр, жаңы технологиялардын тездик менен өнүгүүсү, эң алдыда билим берүү системасына жана билим берүүнүн пардигмасына таасир этип, динамикалуу өнүгүп жаткан коом дүйнөлүк агартуу мейкиндигинде окутуу, тарбиялоо, билим берүү процессине сүңгүп кирүүсү түп тамырынан бери жаңыланууну талап кылууда.
Ушуга байланыштуу ХХI КЫЛЫМДЫН АДАМЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК? деген суроо пайда болот.
Бузуучу эмес-куруучу, Кулатуучу эмес-тургузуучу,
Булгоочу эмес-тазалоочу;
Жаттоочу эмес-чыгармачыл ойлонуучу,
Пессимист эмес-оптимист,
Сыноочу эмес-өрнөк болуучу;
Сапаттуу гана эмес, медиа сабаттуу;
Атаандаштыкка эмес-кызматташтыкка туруктуу;
Жектөөчү эмес-жактоочу,
Жагымпоздонуучу эмес-чындыкка тике кароочу,
Жалкоо эмес-иштерман, Талкалоочу эмес-калкалоочу,
Жөн эле жашабастан, максаттуу өмүр сүргөн;
Согоноок эмес-чечен сыяктуу сапаттар га ээ болуубуз жалпы адамзаттын алган жолуна туура келет.
Демек, бүгүнкү күндө билим берүү системасында окуунун борборун мугалим эмес, окуучу ээледи. Башкача айтканда, билим берүүнүн парадигмасында башкы фигура экендиги талашсыз.
Азыркы билим берүүдө жалпысынан эки негизги парадигма өнүккөн: калыптандыруучу (формативдик) жана окуучуга багытталган (гуманисттик). Калыптандыруучу парадигма өз кезегинде эки түргө ээ, алардын бири – билимге багытталган, экинчиси билим берүүнүн мазмунуна жана технологияларына, иш-аракетке багытталган мамиле.
Учурдун жаңы формациядагы мугалиминин образы эң оболу асыл адамдык сапаттарды алып жүрүүчү кесипкөй инсан, дасыккан адис, шыктандуруучу, же мотиватор, уюштуруучу, тармактык педагог, методист, ментор, насаатчы, устат, изилдөөчү, фасилитатор, предмет аралык тьютор, веб-психолог, оюн техниги, тренер, интегратор-ортомчу, медиатор, аналитик-корректор, билингвист, полиглот болуусу жана ошону менен бирге коомдук турмушта өз ордун табуусу үчүн жумшак көндүмдөрдү өздөштүрүүсү зарыл.
Ошондуктан жаңы формациядагы мугалимдин образын жаратуу жана окуучулардын билим сапатын көтөрүү, эл аралык стандартка алып чыгуу бир гана мугалимдин өзүнөн, же мектептен көз каранды эмес. Ал үчүн бүтүндөй өлкөбүздүн билим берүү тармагы жаңыча, эффективдүү реформа жүргүзүүгө муктаж. Фин кереметине салым кошкон жөнөкөй иликтөөчү мугалимдин бири Тим Уолкер “мен билим берүү системасын бир жерден экинчи жерге жөн эле көчүрүп коюуга болбойт деп ойлойм. Билим берүү системасы өзүнүн табигый кыртышында жана климатында гана жакшы өсө турган өсүмдүк же көчөт сыяктуу маданий, органикалык объектиге окшойт”-деп айтат.
Демек, реформалоо десе билим берүү системасы жогорку нукта өнүккөн өлкөлөрдүн кээ бир эрежелерин, реформаларын алып киргизүү, окшоштуруу, же формасын гана өзгөртүү эмес. Башкаларды туурабай, өлкөбүздүн геосаясий абалына, этностук курамына жана улуттук аң-сезимге таасир эткен, мазмунга жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүгө багытталган, улуттук менталитетке терең сугарылган прогрессивдүү реформалар болушу кажет.
Компьютердин жаңы экендиги сырткы кутусунун, корпусунун жаңы экендиги менен эмес, анын жаңыча иштөө функциясын камсыз кылган программалары менен сыпатталат,-деген сыяктуу эле педагогдорду чар тараптан, моралдык-укуктук жактан колдогон, перспективдүү, жаңыча программалар иштелип жүзөгө ашырылса, мыйзамдар аркылуу корголсо, гумандуу мамиле менен коштолсо, мамлекеттик деңгээлде ишеним артылса, ааламдашуу доорундагы мугалимдин жаңы образы жаралат деген терең ишеничтемин.
Комментарийлер