АТБАШЫЛЫК ЗИРЕК ОКУУЧУЛАР АЛДЫДА

  • 03.05.2023
  • 0

2023-жылдын 25-апрелинде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат техналогиялардын улуттук борбору артыкчылык аттестатына талапкерлер үчүн «Алтын Тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрдү.

АТБАШЫЛЫК ЗИРЕК ОКУУЧУЛАР АЛДЫДА АТБАШЫЛЫК ЗИРЕК ОКУУЧУЛАР АЛДЫДА

АТБАШЫЛЫК ЗИРЕК ОКУУЧУЛАР АЛДЫДА АТБАШЫЛЫК ЗИРЕК ОКУУЧУЛАР АЛДЫДА

Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозбек мырзанын билдирүүсү боюнча, тестирлөөгө жалпы 28 талапкер жазылып, алардын ичинен үч окуучу өзүлөрүнүн жана ата-энелеринин  каалоосу менен катышуудан баш тартып, эки окуучу ден соолугуна байланыштуу катыша албай калган. 23 талапкер окуучунун арасынан төрт окуучу «Алтын тамга» сертификатына ээ болушту.

— Ал окуучулар Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин 11-классынын окуучулары: Таалайбекова Адинай, Төрөбекова Алима, Кызыл-Туу айыл аймагындагы Калкан Керималиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучулары: Абдырасулова Айжан Албановна,  Коногалиева Баян-Сулуу Бакытбековналар, — дейт бөлүм башчы.

Окурмандардын эсине сала кетсек,     «Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнүн негизги максаты:

—  артыкчылык менен жалпы орто билими жөнүндө документтерди алууга талапкерлердин билим деңгээлине баалоо жүргүзүү;

—  Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

—  КР мамлекеттик билим берүү стандарттарын, мектептик билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.  Жүргүзүлгөн тестирлөөнүн артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:   алынган баанын объективдүүлүгү, контролдоо процессинде окугандардын «теңдиги», текшерүүдө окуу материалынын олуттуу көлөмүн камтуу жана сынакка катышуучулар үчүн бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо. Тест Кыргыз Республикасынын билим берүү программаларына жана мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык окуу дисциплинасынын мазмунун толук чагылдырат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер