АТБАШЫЛЫК ОКУУЧУЛАРГА КЫШКЫ ЛАГЕРЬ УЮШТУРУЛДУ

  • 26.01.2018
  • 0

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы орто мектептердин окуучуларына чет жерден келген ыктыярчылар тарабынан англис тили окутулду.

Маалым болгондой, окуучулар англис тилин гана үйрөнбөстөн команда менен иштөөнү, эл алдына чыкканда коркуу сезимдерин жок кылууну, өздөрүн эркин сезүүнү, өз активдүүлүгүн жана таланттарын тартынбай көрсөтүүнү үйрөнүштү.

— Кышкы лагерь ар бир катышуучуга энергия, дем-күч, жаңы тааныштарды гана тартуулабастан билим куржунун кеңейтүүгө эң сонун аянтча болуп бере алды. Окуучуларды ар тараптан шыктындырган окутуу иштери мындан ары да калган орто мектептерде улантыла берет, — деп билдиришти билим берүү бөлүмүнөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер