АТАСЫН КУБАНТКАН АЛТЫН КЫЗ
- 22.06.2021
- 0
АТАСЫН КУБАНТКАН АЛТЫН КЫЗ
Тийиштүү тапшырмаларды жүз пайыз туура аткарып, «Алтын тамгага» татыктуу болгон Чаткалбаева Кайыргүл — Ала-Бука районуна караштуу Совет мектебинин бүтүрүүчүсү.
Кайыргүл баардык жердештерин, мектебин сыймыктандырды. Атасы Замирбек акени өзгөчө кубандырды. Кыргыз тили жана адабиятынан окуткан Эргешова Айнура, математикадан – Хажибеков Бакытбек, тарыхтан – Райбекова Бурулкан, химиядан – Айтакалова Гулнара жана башка мугалимдерге «Алтын тамга» жеңүүчүсү Кайыргүлдүн атасы Замирбек аке терең ыраазычылык билдирип, мындай деди:
— Мугалимдердин эмгеги эбегейсиз, тапканы адал, дүйнөсү кооз, жан дүйнөсү мөмөлүү. Баа жеткис бийик рухий байлыгын окуучуларга тартуулаган керемет адамдар болушат.
Ашира Кулишева, «Кут Билим» гезитинин сырт кабарчысы
Комментарийлер