АТАНЫН КЫЗЫ, АРДАКТУУ АЙЫМ, АБИЙИРДҮҮ ПЕДАГОГ

  • 09.11.2023
  • 0

АТАНЫН КЫЗЫ, АРДАКТУУ АЙЫМ, АБИЙИРДҮҮ ПЕДАГОГ

«Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Сабитова Элмира Сагындыковна И. Арабаев атындагы педагогикалык жогорку окуу жайынын орус тили жана адабияты факультетин бүткөндөн кийин, ошол өзү окуган университетте иштөөгө калып, турмуш жолун баштап, өзүнүн алгачкы профессионалдык жумушуна киришкен. Ошондон бери, карай 30 жылдан ашык убакыт өтүптүр.

Бул аралыктын ичинде Элмира Сагындыковна илимий-педагогикалык, окутуучулук-практикалык, методикалык чоң тажрыйба топтоду. Университеттин студенттеринин педпрактикасынын башчысы болуп иштеди, аспирантурадан окуду, илим бөлүмүнүн башчысы, окутуучу болду, университеттин Окумуштуулар кеңешинин окумуштуу катчысы болуп эмгектенди. Окуу жайда доцент болуп иштөө менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жогорку аттестациялык комиссиянын филология адистиктери боюнча Диссертациялык кеңешинин окумуштуу катчысынын да милдетин аткарды. Айрыкча, орус тили жана адабияты, педагогикалык жана гуманитардык дисциплиналар кафедрасында жана университеттин мугалимдерди кайра даярдоо, кесиптик квалификацияны жогорулатуу, азыркы кошумча кесиптик билим берүү институтунда көп жыл туруктуу эмгек өтөдү. Натыйжада, Элмира Сабитова мол илимий, илимий-методикалык, окутуучулук-практикалык тажрыйбага ээ болуп, кесиптик даярдыгы, теориялык камылгасы жогору мугалим-педагог катары окутуучулук-профессордук жамааттын жана студенттердин арасында кадыр-барк күттү. Жүздөгөн студенттердин окутуучу-тарбиячы устаты болуп, далайлаган жаш мугалим кадрларды турмуш жолуна аттантты, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун такшалган адиси катары калыптанды.

Анын дагы бир өзгөчөлүгү – орус тилин да, мамлекеттик тилди да мыкты билип, эки тилде тең сабаттуу сүйлөй жана жаза билгендигинде. Ал Нарын шаарындагы айтылуу Чкалов атындагы орус мектепте 1-класстан 10-класска чейин орус тилинде окуп, университеттин орус филологиясы факультетин бүтсө да, кыргыздын патриот, мекенчил, намыскөй кыздарынын бири. Анын үстүнө  каарманыбыз накта кыргыз тили өкүм сүргөн ак мөңгүлүү Теңир-Тоонун ичинде өсүп, нагыз кыргыз рухун алып жүргөн үй-бүлөдө чоңоюп, эне тилибиздин лексикалык байлыгын боюна сиңирип, ошону менен бирге жогоруда айтылгандай, кенедейинен орусча окуп, кош тилдүү болуп, билингивизм маданиятын алып жүргөн инсан катары калыптанып чыга келген.   Ушундай сапатынан улам университеттин Окумуштуулар кеңешинин жана Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчылыгына шайланып, иш кагаздарын  кыргыз тилинде да, орус тилинде да үлгүлүү жүргүзүп келген. Э. Сабитованын кош тилдүүлүгү кыргыз адабиятынан да, орус жана дүйнөлүк адабияттан да терең билим алууга өбөлгө болгон. Кафедрада «Чыгыш жана Борбордук Азия адабияты», «Адабият таанууга киришүү», «Байыркы орус адабияты», «Дүйнөлүк көркөм адабият», «Адабияттын теориясы», «Орус адабиятынын тарыхы» деген аталыштагы окуу курстарын алып баргандыгынын өзү эле Элмира Сагындыковнанын адабий-маданий эрудукциясынын тереңдиги жана окутуучулук кругозорунун кеңдигин күбөлөп турат. Студенттер өздөрүнүн анкеталык кайтарым жоопторунда Э. Сабитованын окуган лекцияларын, семинарларын, практикалык сабактарын жогору баалап келишет.

 Таланттуу педагог-окутуучу, студенттердин сүйүктүү эжейи Элмира Сагындыковна тарабынан 52 илимий эмгек жаралган. Анын  ичинде үч монография, төрт окуу-методикалык курал, бир программа, 10 томдук хрестоматия (авторлошу), бир адабий терминдердин сөздүгү, бир электрондук сөздүк, бир хрестоматия (700 беттик), 42 журналдык жана газеталык макала бар. Э. Сабитованын беш илимий макаласы Пакистанда (англис тилинде), Норвегияда, Японияда, Канадада, Данияда жарык көргөн.

2022-жылдын ноябрь айында Сочиде Эл аралык адабий-көркөм көрсөтмөдө монографиясынын аннотациясы орун алды. Ушул эле эмгеги тандалып «Eurasian Book Fair – 2023» деген  Астанадагы Эл аралык «EXPO» көрсөтмө борборунда коюлду. «Чыңгыз Айтматовдун  «Жамийла» повестиндеги көркөм пейзаждын психологиялык функциясы» аттуу монографиясы дүйнөлүк китеп көргөзмөсүнө (23-24- март, 2023-ж. Москва) коюлган. Ушул эле монографиясы үчүн Э.Сабитова Эл аралык Ч.Айтматов клубунун ассоциациясынын «Адабият, көркөм, өнөр, маданият жана илим  тармагындагы Эл аралык сыйлыгынын  лауреаттык наамына татыктуу болду. Ошондой эле, Элмира Сагындыковнанын 2005-жылы «Гендердик теңдештик көз карашынан алганда кыргыз адабиятындагы (20-50-жж.) аялдын образынын көркөм эволюциясы»  аттуу изилдөөсү үчүн КР Президентинин диплому менен сыйлангандыгын да белгилеп кетмекчибиз.

Э.Сабитова ар дайым тынымсыз изденүүдө болуп, коомдук иштерге, илимий иш-чараларга активдүү катышып, өзүнүн кесиптик даярдыгын өркүндөтүп турат. Ал катышып, доклад жасап, сөз сүйлөгөн республикалык жана эл аралык конференцияларды, симпозиумдарды санай берсек көп. Элмира Сагындыковна «Шанс» маалыматтык-аналитикалык журналга да коомдук башталышта башкы редакторлук кылат. Таластагы Манас академиясынын Бишкектеги илимий катчылык милдетин да аткарат.

Республикадагы Диссертациялык кеңеште корголуп жаткан диссертациялык иштерге оппонент жана эксперт катары катышып келет. Филология боюнча Диссертациялык Кеңештин окумуштуу катчысы катары иштеп турганда жогорку квалификациядагы илимий кадрларды даярдоого өз саламын кошкон. Илимий ишмердиги жана эмгектери үчүн Россиянын академиясы Э.Сабитовага профессор наамын ыйгарган. Булар албетте, мактоого арзырлык жетишкендик.

Элмира Сагындыковна окуу-тарбия ишиндеги жана коомдук жумуштардагы активдүү эмгеги үчүн коомдук, эл аралык уюмдардын «Нарын областынын ардактуу айымы», «Айкөл Манас» медалы, «Билим берүүдөгү новаторлук идеялары үчүн», Кыргызстан аялдар конгрессинин «Лидерлик үчүн», «Чыгармачыл  инсан», «Ак элечек Даткайым», «Насаатчы», «Ардактуу мугалим» деген наамдарга, сыйлыктарга, төш белгилерге ээ болгон. «КР билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук тил комиссиясынын Ардак грамотасы, университеттин, институттун Ардак грамоталарын алууга татыктуу болгон. Бул да болсо Э.Сабитованын ак эмгегинин үзүрү.

АТАНЫН КЫЗЫ, АРДАКТУУ АЙЫМ, АБИЙИРДҮҮ ПЕДАГОГ

Элмира Сагындыковна билимдүүлүгү, илимдүүлүгү, коомдук активдүүлүгү менен гана эмес, эң негизгиси, мыкты адамдык касиеттери, үлгүлүү жүрүм-туруму, таза адеп-ахлагы менен да айырмаланган аялзаты. Жогорку окуу жайындагы педагог-окутуучу өзүнүн өрнөктүү нравасы менен өзгөчөлөнүп, окуткан студенттерине сөз менен гана эмес, иши, этикасы менен да үлгү, идеал болуп турушу керек. Бул жагынан  ал өзүнүн педагогдук жүрүм-турумунда билимдүүлүк менен адамгерчиликти, чынчылдыкты, ак ниеттүүлүктү, таза адепти айкалыштырган инсан. Бул бекеринен эмес. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дегендей, Элмира  Теңир-Тоодо нарктуу, үй-бүлөдө тарбияланып өскөн. Атасы Сагындык Сабитов ички иштер министрлигинин системасында жогорку билимдүү юрист катары жооптуу кызматтарда иштеп, өмүр бою коррупцияга каршы күрөшкөн, Нарын областынын Ардактуу атуулу, ички иштер милициясынын ардагери, Нарын областтык адвокаттар коллегиясын негиздеп, 15 жыл анын төрагасы болгон кадыр-барктуу киши эле. Ал өзүнүн «Мен турмушта кандай жашадым жана күрөштүм» деген мемуардык китебинде:

Өмүрдө кыйшык жолду баскан жокмун,

Өлүмдөн, кыйындыктан качкан жокмун.

Баштатан башкалардын камын көрүп,

Бапестеп өз жанымды баккан жокмун.

 

Иштен башка эчтемени билбедим,

Алдым-жуттум жаман жолдо жүрбөдүм.

Убагында болдум жооптуу кызматта,

Уурдамай жок, эл мүлкүнө тийбедим, –деп жазган.

Азыр аталган китеп республиканын Ички иштер министрлигинин музейинде сакталып турат. Маркум Сагындык аксакал жашаган Нарын шаарындагы үйгө «Эстелик тактасы» орнотулган. Элмира тартипти, жооптуулукту, ишке, адамдарга таза, чынчыл мамилени атасы Сагындыктан, мээримдүүлүктү апасы Жүрсүндөн үйрөнгөн. Уулу Улукбекти эмгекчил, чынчыл кылып өстүрдү. Улукбек — юрист, апасынын үмүтүн актоодо.   Элмиранын эжелери да өздөрүнүн нарктуу жүрүм-турумдары, эмгекчилдиги, дайыма алга умтулуп, элге ак кызмат өтөгөндүктөрү менен айырмаланышат. Эжеси Сабитова Анара – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Нарын областтык тарых музейинин директору болсо, Бактыгүл эжеси милициянын подполковниги (Ленинградда билим алган), дагы бир эжеси Гүлнара физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, университетте иштейт (Москва), Гүлмира эжеси болсо – журналист. Сагындык  атанын кыраан кыздары ушундай. Иниси Кубанычбек — экономист.  Бардыгы тең нарктуу жүрүм-туруму менен айырмаланышат. Атасы Сагындыктай болуп мыйзамдуулуктун чийининен чыгышпай, үй-бүлөдө алган бекем тарбиялары менен башкаларга үлгү болуп жашап келе жатышат.

Айрыкча, Элмираны ата-энесине күйүмдүү деп айтып келишет. Нарын шаарындагы энеси Жүрсүнгө «ат тезегин кургатпай» каттап турат. Атасы жашаган үйгө «Эстелик тактаны» илүүнү уюштуруп, жүзөгө ашырган да Элмира Сагындыковна болду. Бул «Эстелик такта» Нарын шаарынын тарыхында биринчи жолу Сагындык атага коюлуптур. Атанын кызы деп дал ушу Элмира Сагындыковнаны айтса жарашар эле. Э.Сабитова мындан ары карай да эмгекчилдигинен, күжүрмөндүүлүгүнөн, педагогдук ак жаркын нравасынан жазбай, билим берүү системасына, илимге кызмат кыла бермекчи. Профессор Элмира Сагындыковнага элүүнү ортологон кутман курагы менен чын ыкластан куттуктап, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден соолукту жана түгөнгүс бак-таалайды каалайбыз.

Нуржан Сартбекова,  педагогика илимдеринин доктору, профессор,   Күлүмкан Садыкова,  И.Арабаев атындагы университеттин ардактуу профессору

Бөлүшүү

Комментарийлер