“АТАМ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРҮҮ” КИТЕБИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 20.01.2021
  • 0

19-январда И. Арабаев атындагы КМУда университеттин ардактуу профессору Роза Айтматованын атасы Төрөкул Айтматов тууралуу чыгарган “Атам жөнүндө эскерүү” аталышындагы китептеринин презентациясы, талкуу-семинары болуп өттү.

Иш-чарага китептердин авторлору Роза Айтматова жана Асан Ахматов, философия илимдеринин кандидаты, доцент Каниметов Эмиль, окуу жайдын гуманитардык илимий багытында эмгектенген окутуучулар, Роза Айтматова менен мурда кызматташ болгон окумуштуу, окутуучулар катышышты. Авторлор катышуучуларга китеп тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер