АТАЛАРЫБЫЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ

  • 08.05.2020
  • 0

Улуу Жеңишти алып келген чоң ата-чоң энелерибизге, таята-таенелерибизге таазим кылабыз.

АТАЛАРЫБЫЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ

Менин ата-бабаларым да Ата Мекенин коргоого күчүн аябай, кан-жанын аябай күрөшкөн.
Таятам Собурбеков Чонтай, чоң атам Шайбеков Бекмырза, абам Тагаев Бекберди Улуу Ата Мекендик согушта чоң эрдиктерди көрсөтүшкөн.
Биз аталарыбыздын эрдиктери менен ар дайым сыймыктанабыз.

Ошондогу биздин баатыр аталар,
Мекен үчүн аяшкан жок жандарын.
Өз жандарын берип жатып тилешти,
Өз жеринде өссүн деп балдарым.
Улуу Жеңиш колубузга тийгени,
Жетимиш беш жылга толду ушул күн,
Аталардын каны менен жаралган!

Тагаева Рахат, №1 мектеп-гимназиянын тарбиялык иштерди уюштуруучусу, кыргыз тили жана адабияты мугалими, Кара-Көл шаары, Жалал-Абад облусу

Бөлүшүү

Комментарийлер