«АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!»

  • 05.05.2020
  • 0

Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинде Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш баатырларын эскерүү эстафетасы болуп өттү.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

9-май — Жеңиш майрамы. Совет элинин эң ыйык, эң улуу майрамы. Согуш… Кулакка жагымсыз бул сөз канчалаган жоокерлердин жанын алып, көптөгөн адамдарды азапка салып, али күнгө эстен чыкпайт келет.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

Анткени бул күнгө жетүү үчүн Совет эли 27 млн. адамынан ажыраган. Бул күн Совет элинин төрт жылга  созулган эң оор, эң кайгылуу Улуу Ата Мекендик согуштагы фашисттик Германиянын үстүнөн жеңишке жеткен күн.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

Согуштун каары, азап-тозогу канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун, 75 жылдан бери жергебизде белгиленип келе жатат.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

— Ар бир жылы кутман ардагерлерди көрүп, согуш апаатын өз ооздорунан угуп, алар менен чогуу Жеңиш күнүн белгилеп жатканыбыз биз үчүн зор сыймык. Анткени алардын саны суюлуп баратат. Биз аларды көрүп турган акыркы муундарбыз, — дейт мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Раева Гүлжамал.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

Тарых барактарына кайрылсак, Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандан 365 миң жоокер кан майданга аттанган. Алардын 155 миңден ашыгы курман болгон. Беш миңдей жоокер ушу кезге дейре дайынсыз.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

— Улуу Ата Мекендик согушка биздин Жаңы-Арык айыл аймагынан көптөгөн аталар катышып келген. Бирок алардын саны жылдан-жылга азайып баратканы өтө өкүнүчтүү, — дейт мектептин башталгыч класстар мугалими Атакулова Замира.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

Замира эжейдин 4″а»классынын окуучусу Токтобаева Раяна да бул күнкү эстафетага жандуу катышып, өз салымын кошту.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

Согуш баатырларын эскерүү эстафетасында мектеп окуучулары чоң аталарынын сүрөттөрүн кармап турушту.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

— Менин чоң-чоң атам Жунусов Арын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон. Мен аны менен дайыма сыймыктанам, — дейт Жунусова Сумая.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

— Бул сүрөттөгү жоокер менин чоң-чоң атам Арыков Паша. Ал 1939-жылы Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.  1943-жылы чоң атам оор жарадар болуп, мекенине кайтып келген, -дейт 6″а»классынын окуучусу Сарыбашева Адинай.

"АТАЛАРДЫН ЭРДИКТЕРИН ДАҢКТАЙБЫЗ!"

Бул күнкү иш-чарада 11-класстын окуучусу Мойдунов Нурсултан «Саманчынын жолу» повестинен «Майсалбектин катын» көркөм окуп берди.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер