АТАЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ, ЭМГЕГИНЕ ТҮБӨЛҮК ТААЗИМ!

  • 08.05.2020
  • 0

Менин таятам, Нарын районундагы эң алгачкы, эң көрүнүктүү мугалимдердин бири Кыдыров Кемел Улуу ата мекендик согуштун башынан аягына чейин катышып, гитлердик Германиянын эле эмес, милитаристтик Япония биротоло талкалангандан кийин гана мекенине кайтып келген. “Германияны жеңгени үчүн”, “Японияны жеңгени үчүн” медалдары менен сыйланган. Ал эми чоң атам Түмөнбаев Чекир согуш жылдарында Уралдагы эмгек баталонуна чакырылып, тылдагы эң оор участокто каруусун казык, башын токмок кылып иштеп, улуу жеңиштин келишине күжүрмөн салымын кошкон. Анын эмгектеги эрдиги убагында «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен бааланган.

АТАЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ, ЭМГЕГИНЕ ТҮБӨЛҮК ТААЗИМ!

Таятам 1911-жылы Нарын районундагы Төш-Булак айылында туулуп, бала чагы ошол жакта өттү.  Багына жараша анын эс тартып калган кези совет бийлиги орноп, мектептер ачылып, тоо арасындагы көчмөн кыргыздардын кат-сабатын жоюу  боюнча жапа тырмак иш башталып калган учурга туш келди.

Табиятынан зээндүү болуп чоңоюп, советтик мектепте биринчилерден болуп окуп, жаңы замандын чакырыгын биринчи болуп туйган эң алдыңкы көз караштагы жаштардан болгон экен. Ошон үчүн Кыргызстанда колхоздоштуруунун арааны жүрүп, тап күрөшү курчуп турган отузунчу жылдары билимдүү адистер көздөн учуп турганда мугалим болуп эмгек чыйырын баштаган. 1930-жылы аны эмнегедир өзүнүн Нарындагы айылына эмес, Ысык-Көлдөгү Талды-Суу айылдык советине караштуу Корумду мектебине мугалим кылып жиберишкен экен.

Корумдудагы мектепте канча иштегени белгисиз, өзүнүн өмүр баянында  да  бул тууралуу так маалымат жок.  Бирок ошондон алты жыл өткөндө, 1936-жылы Нарын шаарында мугалимдердин эки айлык кайра даярдоо курсунан окуйт. Андан кийин 1939-41-жылдары Пржевалскидеги педагогикалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн.

1939-жылы Нарын районундагы өзүнүн туулган айылы Төш-Булактагы башталгыч мектепке директор болуп дайындалат. Бирок андан эки жылга жетпей эле, согуш башталардын алдында эле 1941-жылдын март айында аскерге чакырылат. Аскерге баргандан үч айдан кийин кан күйгөн согуш башталат.

Эң биринчи кызмат кылган аскер бөлүгү 855-аткычтар полку болгон. 1942-жылдан кийин 127-аткычтар полкунда бөлүмдүн командири болуп дайындалган.  Ошол бойдон согуштун башынан аягына чейин катышып, беш жыл бою от кечип, мекенин коргоду. Гитлердик Германиянын тамтыгы чыгып багынгандан кийин  дагы милитаристтик Японияга каршы согушка катышып, ал биротоло капитуляция болгондон кийин гана эл-журтуна кайтып келген.

Согуштан кийинки жылдары кайрадан өзүнүн Төш-Булак мектебине кайтып барып, 1967-жылга чейин директор болуп үзүрлүү эмгектенди. Төш-Булактагы башталгыч мектеп жабылгандан кийин Калинин орто мектебинде башталгыч класстарды окутуп, андан кийин Эки-Нарын башталгыч мектебин жетектеп жүрүп, 1968-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ошондон үч жылдан кийин дүйнөдөн кайтты.

Таятам өзүнүн нарктуу өмүрүнүн 35 жылын билим берүүгө арнады. Бир эле мектептин эмес, райондогу мектептердин мугалимдеринин баарына устат мугалим катары таанылып, райондук билим берүү бөлүмүнүн штаттан тышкаркы инспектору болуп көп иш аткарды.  Райондук, областтык деңгээлдеги көп сыйлыктар менен алкыштарга татыктуу болду.

Убагында согуш отун кечип келген жоокерлер коммунисттик бийликтин жакшы көз кырында болуп, социалдык маселелери бат чечилип келгени белгилүү. Бирок  таятам байлык менен мансапты эмес, балдарга билим берүүнү чыныгы нарк тутуп, башка кызматтарга барбай, бүт өмүрүн мектепте өткөрдү. Согуштун катышуучусу катары алган медалдарынан башка өкмөттөн же машина, же үй сураган эмес экен. Болбосо таянем экөөнүн бүлөсү чоң эле, он баланы тарбиялап өстүрүштү. Таянем баатыр эне болчу. Согуштун ардагери менен Баатыр энеге мамлекет кандай камкордук көрсө да жарашмак. Бирок алар башка элден өзгөчөлөнүп жашаган жок, эл катары эле айылдагы тамда он баланы өстүрүп, баарын окутуп, үйлөнтүп-жайлантышты.

Балдарынын эң улуусу Жамал таэжемин азыр көзү тирүү. Нарында балдарынын колунда. Экинчиси Керим Нарын райондук билим берүү бөлүмүндө бакандай бухгалтер болуп, өмүрү өткөнчө иштеди. Андан кийинки Кеңеш Нарындагы автобазада колонна башчысы болуп иштеп жүрүп, эс алууга чыккандан кийин дүйнөдөн кайтты. Төртүнчү баласы Кадыр таякем атасынын жолун жолдоп, билим берүү тармагында иштеп келатат. Көп жыл бою райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, андан кийин Нарын мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеди. Бешинчиси менин апам Бүбү дагы Куйбышев колхозундагы мектепте отуз жылдан ашуун талыкпай мугалим болуп иштеп жүрүп, азыр ардактуу эс алууда. Ийри-Суу айылында ата турагында калган Мүдүн таякем менен Нарын шаарындагы Жумабек таякем ооруп жүрүп, акка моюн сунгандарына бир топ жыл болуп калды. Бейшекан, Кенжекан таяжелер Кочкордо, жакшылык-жамандыкта үзбөй катташып турушат. Эң кенжеси Кенжебай Нарында турат, көп жыл райондук билим берүү бөлүмүндө иштеди. Бир эле учурда журналист болуп көп гезит-журналдар, агенттиктер менен кызматташып келатат. Таятамдын балдарынын балдары азыр өздөрү очор-бачар болуп, тукуму көбөйүп,  жакшылыкта тойго келгенде жайнаган небере-чөбөрөлөрдөн адашып калабыз.

АТАЛАРДЫН ЭРДИГИНЕ, ЭМГЕГИНЕ ТҮБӨЛҮК ТААЗИМ!

Өзүмдүн чоң атам Чекир (асан чакырып коюлган аты Эсеналы) таятаман кеминде он беш-он алты жаш улуу. 1916-жылы Үркүндө Нарындагы Тынымсейит эли Кытайга качканда кошо кетип, көрбөгөн азапты көрүп, өзүнүн ата-энесинен айрылып, алардын сөөгүн Шинжаңдагы Үч-Турпан деген жерге жашырып келгенин айтып калчу. Совет бийлиги орногондо кайтып келип, Кызыл армиянын катарына өтүп, контрреволюциялык күчтөргө каршы согушкан. Кызыл кыргыз кавалериясында жоокер болуп, Кыргызстандын түштүгүндө болгон кадимки легендарлуу аскер башчы Фрунзе жетектеген операцияларга катышканы жөнүндө өзүнүн оозунан укканым бар, бирок убагында маани берип, тактап калбаганыма өкүнөм.

Ата мекендик согуш башталган жылдары эмгек фронтуна чакырылып, Уралда цемент чыгарган кенде эки жылдай убакыт иштеп калат. Эмгек батальону деп коюшчу экен убагында, жокчулук менен ачкалыктан өлүп, кайтпай калгандар көп болгон экен. Бир күнгө 200 грамм нан менен бир чымчым туз  гана берилгенин чоң атамдын өзүнөн уккамын.

Азыр согуштун жана тылдын каармандарын эстегенде, ошол эмгек фронтунда кызмат кылгандардын эмгеги көп айтылбай, татыктуу баасын албай жүрөт. Бул жөнүндө өзүнчө бир тарыхый материалдарды топтоп, эмгек баталонуна барып мээнет кылгандардын тизмесин түзүп, тактап, алардын эмгегинин маанисине татыктуу улуттук акыйкат мамилени ордуна коюшубуз керек деп ойлойм.

Чоң атам эмгек баталонуна барып, атуулдук милдетин аткарып келгенден кийин эл алдында жүзү жарык болду. Согуштан кийинки жылдары каруусуз казык кылып, кенде иштеди, көп жыл бою колхоздо чоң апам экөө кой бакты. Алдыңкы чабан болуп аты чыгып, «Эмгек Кызыл Туу ордени» менен сыйланды. Эл-журту кадырлаган, үй чарбасы тың, алыш-катышы көп ырыскылуу үй-бүлө болуп, узак өмүр сүрүштү. Карыган кезде дагы өздөрү өскөн жайлоого барып, жайлап жүрүштү.

Чоң атам 1990-жылы 95ке караган убагында,  тоолорго жаз келип, жер жашыл болуп калганда кудай берген өмүрүнө каниет кылып, балдарынын алдына кетти. Чоң апам андан төрт жылдан кийин токсондон ашкан курагында көз жумду. Алардын биздин жашообузда калтырган изи, жарыгы, эмгеги өтө чоң болду, ал жөнүндө кеп өзүнчө болсун! Бизге Улуу Жеңишти алып келген аталардын эрдиги менен эмгегине түбөлүк таазим!

Кубатбек Чекиров, «Кут Билим» газетасынын баш редактору

Бөлүшүү

Комментарийлер