АТАЛАРДЫН ЭРДИГИ ӨЧПӨЙТ!

  • 08.05.2020
  • 0

Менин атам Жолдошов Жумагул Улуу Ата Мекендик согушка катышып, 4-Украиналык фронттун 4-артиллериялык дивизиясында кызмат өтөгөн.

АТАЛАРДЫН ЭРДИГИ  ӨЧПӨЙТ!

Атам Украина, Крым, Симферополь, Севастополь, Ялта, Армянск шаарларын немецтик фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан.

Кийин Украиналык фронт жоюлуп, 202- Гвардиялык полку 2-Белорус фронтуна кошулат. 1944-жылдын 19-20-июнунда Жумагул атам Витебск шаарын бошотууга катышат. 1944-жылы кышында катуу ооруп, аскердик госпиталга жаткырылат. Согуштан тапкан оорунун азабынан 2-группадагы майып болот.
Согуштан келгенден кийин Үч-Терек, Токтогул райондорунда партиялык, чарбалык, советтик жооптуу кызматтарда иштеп, эл үчүн ак эмгек кылат. Элдин суроо талаптарын ар дайым канааттандырып, элдин сый-урматына татып, ардактуу эс алууга чыгат.
Апабыз Арунова Таажы менен жарым кылымга жылга жакын бирге жашап, беш уул, үч кыздын ата-энеси, 32 неберенин, көптөгөн чөбөрө-кыбыралардын чоң ата-чоң энеси, таята-таенеси болушкан. Даңктуу өмүр сүргөн атам Жолдошов Жумагул 2016-жылдын 5- мартында 94 жашында дүйнөдөн кайткан.
Улуу Жеңишке өз салымын кошкон атабыз менен биз, уул-кыздары, небере-чөбөрөлөрү ар убак сыймыктанабыз.

Жолдошова Айнагүл, «Баластан» бала бакчасынын директору, Кара-Көл шаары, Жалал-Абад облусу

Бөлүшүү

Комментарийлер