АТАЛАРДЫН ЭРДИГИ БАЛДАРГА ӨРНӨК!

  • 23.02.2022
  • 0

22-февралда Чүй районундагы Чүй мектеп-интернатында Мекен коргоочулар күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

АТАЛАРДЫН ЭРДИГИ БАЛДАРГА ӨРНӨК!

Бул күнкү унутулгус жолугушууга ооган, баткен согушунун ардагерлери, учурда мекен сакчылыгында кызмат өтөп жаткан жоокерлер, ошондой эле ата-эне мээримине муктаж балдар-кыздардын сапаттуу билим-тарбия алуусуна ар тараптан колдоо көрсөтүп жүргөн бир катар райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери чакырылды.

— Ардактуу ардагерлер, сиздерди 23-февраль Мекен коргоочулардын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук каалайбыз! Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн бекемдөөгө сиздер зор салым коштуңар! Сиздердин өмүр жолуңар жаштарга ар дайым өрнөк! — деди конокторго кайрылып  Чүй мектеп-интернатынын директору Назгүл Мусаева.

Андан соң  жоокер кийимин кийген балдар-кыздар Ата Журт, Ата Мекен темасындагы ырлардан көркөм айтып, өткөн согушту эске салган патриоттук ырларды созолонтту. Жоокерлер ырга ыр менен жооп беришсе, окуучулар өз колдору менен жасаган белектерин конокторго тапшырды. Ак тилек балдардын ырына, куттуктоосуна таасирленген ардагерлер биринен сала бири сөз алып, ыраазылык сөздөрүн айтып жатышты.

— Мен союз учурунда Афганистанда интернационалдык милдетимди татыктуу аткарып, кийин Баткен согушунда да өлкөбүзгө капыстан кирип келген чет элдик согушчандар менен жан аябай кармаштым. Бир топ жолдошумдан  ажырадым. Бирок мекенге болгон сүйүүм мокободу, мекенимдин келечегине болгон ишеним өчпөдү. Азыр силерди карап туруп, мекенчил сезимдерим мурдагыдан да курчуду. Силерди туура тарбиялап жаткан агай-эжейлерге ыраазы болдум, — деп айтты ооган, баткен согушунун ардагери, полковник Баишбек Джайлоев.

Ооган согушунун дагы бир катышуучусу, подполковник Руслан Курбанов жаштарга кайрылган өз сөзүндө эмгекте болсун, согушта болсун биримдик менен ынтымактын маанисине токтолду.

— Балдар, силер окуп жатканда да, эмгектенип жатканда да, бири-бириңе жардам беришти унутпагыла! Бири-бириңе көмөктөшкөндү үйрөнсөңөр, көп ийгиликке жетесиңер! Азыртан биримдүү, ынтымактуу болгула! — деди жүрөгү «Кыргызстан!» деп соккон, улуту лезгин, ооган согушунун ардагери.

АТАЛАРДЫН ЭРДИГИ БАЛДАРГА ӨРНӨК!

Жаштар менен жолугушууга Күзөт департаментинин акиминин улук жардамчысы, полковник Айбек Алашов эки жоокери менен катышты.

— Бул жерде окуган окуучулардын мекенчил сезимдери бийик экени бизди абдан кубандырды. Аскердик кесипти тандаган уландарга биздин бөлүктүн эшиги дайыма ачык! — деди учурдагы полковник.

АТАЛАРДЫН ЭРДИГИ БАЛДАРГА ӨРНӨК!

Майрамдык кече мугалимдердин күчү менен даярдалган концерттик программа менен аяктады.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер