АТАЛАР ЭРДИГИ УНУТУЛБАЙТ!

  • 15.02.2023
  • 0

Келечекте аскер кызматкери болом деген өспүрүм Мамасабиров Белек 14-февралда өз достору менен биргеликте Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу жана күзөт кызматынын Бишкектеги аскердик бөлүгүндө  конокто болуп, подполковник  Тагайматов  Муктарбек Мурзакуловичтен болочок кесибине байланышкан баалуу кеп-кеңештерди алды.

АТАЛАР ЭРДИГИ УНУТУЛБАЙТ!

Токмоктук балдарды жетектеп келген Чүй жатак-мектебинин директору Назгүл Мусаева бул жерге өткөн жылы да келишкенин айтат.

— Биз былтыр келип арча көчөттөрүн отургузуп кеткенбиз. Быйыл да Ооган жоокерлерин даңктоо күнүнө карата атайын чакырышты. Балдарыбыз жаштайынан эли-жерин сүйүп, аны коргоого даяр болушсун деп келип отурабыз, — деди Назгүл Мукашевна.

Бул күнү тарбиячылардын алдына койгон бардык асыл максаттары орундалганына биз, журналисттер да, күбө болдук. Өспүрүмдөр советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүнө арналган эскерүү кечесине катышып, согуш ардагерлери менен биргеликте  Ооган баатырларынын аллеясына арча отургузуп, ооганчылардын өз оозунан согуш чындыгын угушту.

Запастагы полковник Джайлоев Байышбек Садабаевич Ооган согушу башталганда рота командири болгонун, советтик жоокерлердин эрдигин, Ооганстандын бийик тоолуу шартына кыргыз жигиттери жарайт деген ишенимде Кыргызстандан эле 7 миң жоокер чакырылганын айтты.

Ал эми дагы бир ооган согушунун баатыры запастагы улук прапощик Фаратов Ширин Алиевич кан күйгөн согушка 1981-жылы аттаныптыр.

— 1981-жылы 6-апрелде Ашхабаддан даярдыктан өтүп, Ооганстанга жөнөдүк. Мен миномётчик элем. Армияга баргандар миномётчикдерсиз жөө аскерлер чабуулга өтө албастыгын жакшы билишет. Ооганстандагы узундугу 185 км келген Пандшер капчыгайында душмандар менен согуштук. Ошондо жарадар болдум. Көрсөткөн эрдигим үчүн «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйландым, — дейт ооган согушунун баатыры.

Баса, ооганчы жоокерге бул күнү дагы бир өзгөчө сыйлык — командир сааты тапшырылды.

— Ширин Алиевич быйыл 60 жашка толду. Жалпы Ооган согушунун ардагерлеринин атынан маареке ээсин чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ал согуштан кийин ушул аскердик бөлүктө кызмат кылып, жүздөгөн жаш жоокерлерге насаатчылык кылды. Кесипкөйлүгү, бийик адамгерчилик сапаттары үчүн жалпы жоокерлердин, кесиптештеринин сый-урматына ээ болду, — деп айтты Генерал Анарбек Шамкеев атындагы Эл аралык «Сый-Урмат» ардагерлердин коомдук бирикмесинин төрагасы, полковник Арбаев Советбек Асанович.

Кийинки согуш ардагеринин сөзү токмоктук өспүрүм балдардын жүрөк түпкүрүнөн орун алды.

— Мен да силердей болуп, Беловодскидеги балдар үйүндө тарбияландым. Армия мага достукка бекем болууга, Ата Мекенди сүйүүгө, анын ар бир карыш жерин душмандардан кан-жанымды аябай коргоого үйрөттү. Бүгүн бул жерге Ак-Босогодогу №101 орто мектептин окуучуларын ээрчите келдим, — деди Бишкек шаардык мэриясынын №16 муниципалдык аймактык башкармалыгынын төрагасы Эмилбек Ункуев.

Акбосоголук окуучулар Ооган согушунун ардагерлерине гүлдөрдү белекке беришсе, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин таланттуу жаштары чакан концерттик программаны тартуулады. Иш-чаранын соңунда окуучу балдар аскердик тамактан ооз тийип, подполковник А.Жанаев атындагы окутуу машыктыруу борборунун спорттук залында жоокерлердин нускоосунда Калашников автоматын бөлүктөргө чачып, кайра чогултушту. Чүй жатак-мектебинен тарбиялануучулары эки командага бөлүнүп, спорттук жарышта өз күчүн сынашты. Оюндун жыйынтыгында «Бүркүттөр» командасы 1-орунга, «Жолборстор» командасы 2-орунга жетишип, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин зардалы Улан Бердикожоевдин колу коюлган дипломдорго ээ болушту.

— Биз жыл сайын Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнүн белгилеп келебиз. Бүгүнкү иш-чарага Ооган согушунун ардагерлери запастагы полковниктер  Джайлоев Байыш Садабаевич менен Бухов Владимир Яковливичти, запастагы подполковник Курбанов Руслан Абдулисмановичти, запастагы улук прапорщиктер Фаратов Ширин Алиев менен Косарев Дмитрий Владимировичти, запастагы прапорщик Шералиев Батыркул Илиязович менен ардагер Ункуев Акылбек Эмилбековичти чакырдык. Жаштарга таасирдүү болду. Ардагерлер окуучулар менен биргеликте көчөттөрдү отургузуп, сүрөткө түшүп, пикир алышты, — деди Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары — Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин зардалы Бердикожоев Улан Эмилбекович бул күнкү тарбиялык мааниси зор иш-чараны жыйынтыктап жатып.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер