АТАКТУУЛАРДЫН ТААЛИМИ

  • 20.08.2021
  • 0

Нарындын Ак-Талаа районунан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Айна Осмонованын «Легендага айланган өмүрлөр» аттуу китеби жарык көрдү.

Мугалимдерге, тарбиячыларга, болочоктогу педагогдорго арналган бул усулдук колдонмо тажрыйбалуу педагогдун биринчи эмгеги эмес. Ардактуу мугалим буга чейин эле бир топ усулдук колдонмолорду, иштелмелерди жазып, басмадан чыгарган.
— Жаңы китебиме кыргыздын атагын дүйнөгө чыгарган Чыңгыз Айтматов, элибиздин кыраан уулдары, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиевдин, ошондой эле башка белгилүү инсандардын өрнөктүү өмүрүн баяндаган сценарийлердин топтому кирди, — дейт агартуу ардагери Айна Осмонова.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер