АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

  • 09.09.2020
  • 0

Профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык мектеп-лицейдин башталгыч класстар мугалими Гүлүмкан Асанкадырова жакында «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамына татыктуу болду.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Гүлүмкан Асанкадырова жалаң атактуулар билим алган мурунку номур бешинчи мектептин эң сыймыктуу мугалимдеринин бири десем ашыкча болбос.

Анткени, Гүлүмкан эжей мындай сый-урматка эч бир чарчоону билбеген ак эмгектин арты менен жетти.

Мен журналист катары Гүлүмкан эжейдин бейкапар жүргөнүн көрө албадым.
Качан болбосун, агартуу казанында кайнап, билгенин балдарга арнап келет.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Мүнөзү да өзү билим берген балдарындай жумшак, кичипейил, бирок билим дегенде чарчоону билбейт.
Бир карасаң сабакта, бир карасаң мотурайган окуучуларын ээрчитип алып, айтылуу Чернышевканын китеп дүйнөсүн аралап жүргөн болот.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Ошон үчүнбү окуучулары да куйма кулак, сезимтал. Алардын Манас айтканын уксаң, таң каласың!

Эне тилибиздин кооздугун ошондо сезесиң!

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Өзү да далай жолу биздин гезит уюштурган сынактарда алдыда келди.
Сабак иштелмеси болсун, сынактагы ачык сабагы болсун,  калыстардын зор баасына татыктуу болгону эсимде.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Окуучуларын илим изилдөө ишине үйрөткөнү да мактоого татырлык.

Чыгармачылык изденүү жолунда жалгыз жоокер болбостон, окуткан балдарын да республикалык илимий-практикалык конференцияларга катыштырып, илим изилдөө ишине жаштайынан багыттап жүрөт.

Ошол илимий жыйындар өзүбүздүн Кочкордо өтөбү, алыскы Түркстанда өтөбү, ага карабай, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, эчен ирет жолго чыгып, ошончо ирет жеңиш менен кайтып, окуучуларына чыныгы устат боло алды.

Албетте мындай сапат баарында эле боло бербейт! Кээ бир мугалимдер окуткан окуучуларын башкасына кой, жакын ортодогу музейге алып баргандан эригишет.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Изденүү үстүндөгү педагогдун жолу Гүлүмкан эжейдин агартуучулук жолуна окшош болушу керек деп ойлойм.
Эжей билгенин эч кимден аябайт. Кесиптештерине, айрыкча жаш мугалимдерге кеп-кеңешин айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келет.
Насаатчы катары далай мугалимдердин сабак иштелмелерин гезитке даярдап, жарык көрүүсүнө көмөктөштү.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Дагы бир баатырдыгы 2013-жылдан тартып «Кутбилим сабактын» активдүү авторлорунун катышуусундагы жер-жерлерде өткөн тажрыйба алмашуу семинарларында даана көрүндү.

Ар башка аймактардын алдыңкы мугалимдерин бир платформага бириктирген бул иш-чараларды өткөрүүдө табиятынан уюштуруучулук жөндөмү бар  Гүлүмкан эжей зор эмгек өтөдү.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Чыгармачыл мугалим жетектеген «Калемгер» тобу ар жагы Гапыр Мадаминовдун мектебинде, бери жагы дүйнөгө Чыңгыздай уулду тартуулаган Шекерде болушту. Көл жээгиндеги мектептерге, Ош, Баткенге барып, жергиликтүү мугалимдер менен ымала, кесиптик байланыш түзүштү.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Түндүк менен түштүктүн мугалимдерин достоштурган, жанаштырган бул билим сапарлары алдыда да уланат деген үмүт бар.

Кечээги карантин  Гүлүмкан Асанкадырованын дагы бир жакшы сапатын  бизге айдан ачык кылды.
Чарчоону билбеген эмгекчил мугалим мага күн алыс жакшы кабар, жаңылык, ачылыштарын жолдоп жатты. Бир топ видеосабактарын сайтка жайгаштырдык. Чогуу иштеген кесиптештеринин кызыктуу видеосабактарын да жөнөтүп турду.

АТАКТУУЛАР ОКУГАН МЕКТЕПТИН АТАКТУУ МУГАЛИМИ

Бирок баарынан таң калганым: окуткан окуучулары, алардын ата-энелери да биринен-бири калбай,  бир жамаатка биригип, ынтымак менен эл башына түшкөн сыноону жеңишти.

Гүлүмкан эжей  да педагог катары аларга сабырдуулуктун, акылгөйлүктүн  зор үлгүсүн көрсөтө алды.

Мындай асыл сапат ар бирибизде боло бербейт!

Эмесе ак эмгек менен жеткен сыйлыгыңыз кут болсун, Гүлүмкан эжей!

А.Алибеков, «Кутбилим»

Бөлүшүү

Комментарийлер