АТАКТУУ ЭМЕС, АРДАКТУУ КЕСИПТИ ТАНДА!

  • 24.05.2022
  • 0

2022-жылдын 25-майында Бишкектеги Эмен паркында адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт. Фестивалга өлкөнүн бардык аймагынан 12 колледж жана 19 лицей катышат.

Иш-чаранын максаты — артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, абитуриенттерди колледждерге жана лицейлерге кабыл алуу өнөктүгүнө колдоо көрсөтүү.

Ошондой эле иш берүүчүлөрдү кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө тартуу.

Фестивалдын программасында колледж, лицейлердин кесипке багыт берүү көргөзмөсү, адистиктер жана педагогикалык чеберчилик борборлору тууралуу презентациялар, иш берүүчүлөрдүн баяндамалары ж.б. камтылган.

Аталган фестиваль Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Толук маалымат алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматына кайрылсаңыз болот:

+996(312)623591, 0999 38 69 84, 0777 24 55 59

Бөлүшүү

Комментарийлер