АТАКТУУ АГАРТУУЧУЛАРДЫН, АДАБИЯТЧЫЛАРДЫН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

  • 12.09.2023
  • 0

Куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-сентябрда  өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

АТАКТУУ АГАРТУУЧУЛАРДЫН, АДАБИЯТЧЫЛАРДЫН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

Сыйлангандардын арасында  мамлекеттик жанан коомдук ишмер, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, академик Абдыганы Эркебаев, президент өз куттуктоосунда айткандай, “чыгармачылыктын дыйканы, көптөгөн жаш акындардын жана манасчылардын устаты Асан Жакшылыков, “атагы Ала-Тоодон ашкан акын-жазуучулардын бири” Султан Раев, акын, журналист Жедигер Саалаев, бүтүндөй агартуу журтчулугуна таанымал экспериментатор педагогдор Орозали Сайдилканов, Гапыр Мадаминовдор  жана ондогон алдыңкы мугалимдер, бала бакча тарбиячылары бар.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер