ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

  • 05.10.2026

Төрт номинация боюнча өткөн “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” республикалык конкурсунда быйыл көгүлтүр көл жээгинен жана баш калаабыздан келген талапкерлер өзгөчөлөнүп, калыстардын жогорку упайына ээ болушту. “Ырыс-Ордо” конгресс холлундагы жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында өз кесибинин алдыңкылары деп табылгандар КР Министрлер Кабинетинин башчысы А.Касымалиевдин колунан 500 миң сомдон сый акча алышты.

ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

Агартуу министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жылдагыдай эле конкурстун жергиликтүү эки этабынан ийгиликтүү өткөндөр күч сынашты. Күйөрмандардын жана көрөрмандардын көз алдында билим таймашынын катышуучулары алган упайлары дароо экрандан көрсөтүлүп турду.

— “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу жыл сайын мугалимдер күнүнө карата мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, усулчулары, кыргыз тил мугалимдери, музыкалык жетекчилери арасында өткөрүлүп келет. Конкурстун негизги максаты – мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мыкты педагогдорду аныктоо, алардын кесиптик чеберчилигин баалоо, натыйжалуу педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу жана тарбиячы кесибинин аброюн жогорулатуу. Калыстар конкурстун жүрүшүндө катышуучулардын кесиптик билимин, балдар менен иштөө ыкмаларын, заманбап педагогикалык технологияларды колдонуу жөндөмүн жана практикалык тажрыйбасын баалашты. Жыйынтыгында мыктылардын эмгеги мамлекеттик деңгээлде бааланып, алдыңкы тажрыйбалары мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жайылтылмакчы. Бул конкурс катышуучулар, көрөрмандар, күйөрмандар үчүн ачык болуп, баары ачык беттешүү форматында күч сынашты. Алган упайлары ачык көрсөтүлүп, дароо экранга чыгып баарына жеткиликтүү болуп турду. Катышуучулар өздөрүнүн алган упайларына ыраазы болуп, ачык атаандаштыкта өттү, — дейт.

ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

Республикалык “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” конкурсунда “Мыкты тарбиячы” номинациясы боюнча биринчи орунду ээлеген Сарбаева Зарена Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы “Чолпон” мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбиячы болуп иштейт. Бир уул, эки кыздын апасы Зарена Акылбековна конкурска көптөн бери даярданып келатканын, ага жөн гана катышып тим болбой, сөзсүз биринчи орунду ээлейм деген максат менен келгенин айтты.

ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

— Мен бул тармакта иштеген 11 жылдык иш тажрыйбамды, алган билимимди ушул конкурста көрсөтүүгө, жеңишке жетишүүгө аябай аракеттендим. Кудайга шүгүр, аракетим текке кеткен жок. Менимче, мен мастер класс өтүүдө колдонгон жаңы методдорум, усулдар, эң негизи, балдарга жасаган мээримдүү мамилем менен башкалардан өзгөчөлөнө алдым деп ойлойм. Албетте, бардык эле талапкерлер мыкты даярдыктарын, өздөрүнүн күчтүү жактарын көрсөтүштү, мен да аларды карап олтуруп, өзүмө көп жакшы нерселерди белгилеп алдым. Ырасында эле мен биринчи орунду алам деген бекем ишеним менен келгем. Ошол тилегим ишке ашканына бактылуумун. Эң биринчи эле мага ишеним артып, облусубуздун намысын коргоого жиберген адамдардын ишенимин актаганыма кубандым. Мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык агартуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, дүйнөдөгү эң жооптуу жана эң сыймыктуу кесибинин үзүрүн көрө беришин каалайм, — дейт.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасынан өзүнүн жогорку даярдыгын көрсөткөн дагы бир талапкер — “Жылдын мыкты усулчусу-2026” номинациясынын ээси Үсөн кызы Нуркыз Бишкек шаарындагы №21 “Баластан” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин усулчусу. Нуркыз өзү бирге иштеген эмгек жамааты, айрыкча, анын директору Сулуучач Бобукееванын жакындан жардамы, колдоосу менен жеңишке жетишип эле тим болбой, конкурска алып келген жол ал үчүн акжолтой болуп жетекчилик кызматка жеткиргенине жетине албай, кубанычы менен бөлүштү.

ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

— Мен ушундай сынакка биринчи жолу катышып жатам. Жалпы педагогикалык тажрыйбам тогуз жылга чукулдап калды. Буга чейин мектептерде иштегем. Экинчи  кесибим – логопед. Конкурс, ага даярдыктар негизи апрелде эле башталат эмеспи. Жаз, жай, күз бою санаа менен жүрдүм. Мен Бишкектеги эң чоң жамаат — 750 баланы, 60тан ашык кызматкерди камтыган чоң жамаат менен иштеген тажрыйбам, анан албетте, биринчи кезекте жетекчимдин колдоосу чоң жардам берди. Чынымды айтсам, мен өзүмө ишенбей турганда, жетекчим мага ишенип, сүрөп, колдоп жеңишке жеткирди десем да туура болор. Андыктан мени колдогон устатым Сулуучач Рыскулбековнага, эмгек жамаатыма терең ыраазычылык билдирем, анткени менин жеңишим – кесиптештеримдин жеңиши деп билем. Өзүм аябай толкунданып, кубанып турам, ушундай сезимди бардык кесиптештериме каалайм, — дейт Үсөн кызы Нуркыз.

ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

Өрүкзарлуу Баткен облусунун Раззаков шаарынан келген Асилай Усарова “Жылдын мыкты тарбиячысы-2026” конкурсундагы төрт категориянын бири – “Мыкты мамлекеттик тил мугалими” номинациясында өз кесибинин мыктысы экендигин далилдеп, алдыңкы орунду ээледи. Асилай Абдикеримовна учурда Раззаков шаарындагы №1 “Барчын” мектепке чейинки билим берүү уюмунда эмгектенет.

ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

— Мен иштеген бала бакча орус тилдүү бала бакча.  Сегиз жылдык иш тажрыйбам бар. Бул конкурска катышып жатканыма аябай ыраазымын. Конкурс биз үчүн өзүбүздүн билимибизди далилдеп, тажрыйба топтоого жардам бере турган жакшы таймаш деп билем. Мен үчүн тажрыйба алмашууга, бири-бирибиз менен таанышууга жакшы өбөлгө түзүлдү. Айрыкча, мастер класстарга катышканда, Ысык-Көл облусунан келген Адинай эжекенин чий куурчактары мага аябай жакты. Ал колдонгон чий куурчактардын жардамы менен биз балдарга ата-бабаларыбыздан калган салтты кайрадан жандандырып, улуттук баалуулуктарды сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө көрсөтүп үйрөтүүгө болоруна ынандым. Эми мен да өзүбүзгө барганда ушул ыкмаларды колдонуп иштейм деп пландап койдум. Алыскы Баткенден борбор калаага келип, башка кесиптештеримди көрүп, жакындан таанышканыма, айрыкча, мына ушундай заманбап салынган “Ырыс-Ордодо” сыйлык алып, сый көрүү бактысына туш келгениме чексиз кубанычта болуп турам. Кесиптештерим менен мындан ары тыгыз байланышта бололу деп убадалаштык. Бизге ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жалпы жетекчиликке ыраазычылык билдирем. Кыргызстаныбыз өнүп-өнүксүн, кыргыз тилибизди аздектеп сүйүп, жаш муундарга үйрөтүүдө чарчабай-чаалыкпай эмгектенип жүрө берели, — дейт.

“Мыкты музыкалык жетекчи” номинациясынын ээси Өмүркулов Нурболот 1994-жылы Нарын облусундагы Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында төрөлгөн. Айылындагы К.Мырзабеков атындагы мектепти аяктаган соң, И.Арабаев атындагы КМУнун искусство жана дизайн факультетинин музыка кафедрасынан музыкадан окуткан мугалим адистигине ээ болгон. Андан кийин К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынан билим алган.

ҮЛГҮЛҮҮ ЭМГЕК, ТАТЫКТУУ СЫЙЛЫК

«Мыкты музыкалык жетекчи» деп таанылган Нурболот окуп жүргөн кезинен эле иштей баштаганын, алгач өзү окуган университетте, мектептерде, бала бакчаларда иштеп жүрүп, акыркы эки жылдан бери баш калаабыздагы №118 бала бакчада эмгектенип келатканын айткан Нурболот, конкурска катышкан алгачкы дебюту минтип ийгиликтүү аяктаганына аябай кубанып турган чагы. Ал биз менен болгон кыскача маегинде ушундай кароо-сынактар мугалимдерге эбегейсиз дем-күч берерин айтып, жалпы эле кесиптештерине, аны колдоп-коштогон жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү