Стенфорд сыйлыгы жана ата жолун жолдогон АРУУКЕ

  • 26.04.2024
  • 0

Чет жерде, болгондо да дүйнөнүн эң бир атактуу Стэнфорд университетинде билим алып жаткан Арууке УРАН кызы — жалпы элибиздин сыймыгы. Ал илим менен билимдин татаал жолунда азыртан ийгилик жаратып, окуткан окутуучуларын, ата-энесин, жакындарын зор кубанычка бөлөдү. Арууке 2023-2024-окуу жылында АКШнын окутуунун мыкты жардамчысы (CTA) сыйлыгына татыктуу болду.

Стенфорд сыйлыгы жана ата жолун жолдогон АРУУКЕ

CTA сыйлыгын тапшыруу аземи 20-майда Стэнфорд университетинде өткөрүлөт.

 Арууке Уран кызы Америкадагы Стэнфорд университетинин Трансулуттук, Эл аралык жана Глобалдык Тарых (TIG) боюнча докторантура программасында накшбандия суфийлик агымынын XVIII кылымдын аягында Орусия империясына, Осмон империясына жана Борбордук Азияга тийгизген трансимпериялык таасирин окуп үйрөнүүдө.

Ал Стамбул университетинин англис адабияты жана эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасына да ээ.

Арууке ошондой эле Орусиянын Жогорку Экономика мектебинде Салыштырмалуу Евразия таануу боюнча магистратураны ийгиликтүү аяктаган.

«Бул кабарды укканда жүрөк жарыла кубандым. Анткени Арууке биздин көз алдыбызда өстү. Атасы – Уран Ботобеков белгилүү журналист, «Кутбилим» гезитинин ардагери. Учурда ал АКШда иштейт, ислам радикализми боюнча дүйнөдөгү таанымал эксперт-талдоочу» – дейт Кубат Чекиров.

Стенфорд сыйлыгы жана ата жолун жолдогон АРУУКЕ

Биз да жетекчибиз Кубат Чекировдун кубанычына ортоктош болуп, ата жолун жолдогон Аруукени, ата-энесин, жакындарын ушундай зор ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Аруукенин бул ийгилиги келечектеги чоң жетишкендиктеринин башаты болушуна тилектешпиз!

Маалымат үчүн айта кетсек, Стэнфорд университетинин Трансулуттук, Эл аралык жана Глобалдык Тарых (TIG) боюнча магистратура программасы саясий же маданий жактан чектелген аймактардын чегинен ашып, дүйнөнүн ар кайсы аймактарын бири-бири менен байланыштырган тарыхый предметтерди изилдөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер