“АТА МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨМҮР”

  • 23.10.2019
  • 0

24-октябрда Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргызстандын совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири Абдыкадыр Орозбековдун 130 жана мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата “Ата мекенге арналган өмүр” аттуу кереге кеңеш өтөт.

“АТА МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨМҮР”“АТА МЕКЕНГЕ АРНАЛГАН ӨМҮР”

 

Иш-чарада алгач А.Орозбеков жана Т.Усубалиев жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүп андан соң окумуштуу-илимпоздор тарабынан баяндамалар жасалат. КР Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун башкы илимий кызматкери Джуманалиев Акылбек “Абдыкадыр Орозбеков – Советтик Кыргызстандын алгачкы жетекчиси”, БМУнун профессору Сапаралиев Дөөлөтбек “Абдыкадыр Орозбековдун бейнесине жаңы толуктоолор”, БМУнун ректорунун кеңешчиси, профессор Тилектеш Ишемкулов “Турдакун Усубалиев – чейрек кылым Советтик Кыргызстанды жетектеген инсан”, БМУнун доценти Рыскулов Токтобек “Турдакун Усубалиев: доор жана инсан” аттуу баяндамаларды жасашат. Акырында талкуу жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер