АТА МЕКЕНДИК ИШКЕРЛЕР КОРГООЧУ БЕТ КАПТАРДЫ ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ЭМЕС РЕСПИРАТОРЛОРДУ ЭКСПОРТТОЙ АЛЫШАТ

  • 17.04.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынан дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 токтомуна ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттоого уруксат берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул өзгөртүүлөр 2020-жылдын 14-апрелиндеги видеоконференция режиминде өткөн COVID-19 пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндөгү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын макулдашуулары менен шартталган.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү жасашып, анда товарлардын, анын ичинде социалдык жактан маанилүү өндүрүмдөрдүн, тамак-аш азыктарынын, медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин, медициналык жеке коргонуу каражаттардын эркин кыймылы принциптерин сактоо зарылдыгы белгиленди.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрүнө COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана аны жоюу боюнча координацияланган чараларды ишке ашыруу, пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ички, анын ичинде азык-түлүк рыногунун туруктуу иштөөсүн камсыздоо, мамлекеттердин жарандарын, бизнести  колдоого алуу тапшырылды.

Буга байланыштуу, ошондой эле ишмердүүлүгүн кайра багыттаган жана коргоочу бет каптарды өндүрүүнү жөнгө салган ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 207 «2020-жылдын 3-февралындагы №57 «Кыргыз Республикасынан дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен коргоочу маскаларды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерге экспорттоого тыюу салууну алып салуу жөнүндө чечими кабыл алынган.

Түзөтүүлөргө ылайык, атамекендик ишкерлер 6307 90 980 0 ЕАЭБ ТЭИ БН коду аркылуу классификацияланган коргоочу маскаларды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин экспорттолгон товар медициналык максатта колдонулбагандыгы жана медициналык буюм катары саналбай тургандыгы тууралуу расмий күбөлүгүнүн жана товардын Кыргыз Республикасында өндүрүлгөндүгү тууралуу сертификатынын негизинде экспорттой алат.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер