АТА-ЭНЕЛЕР ДЕКАДАСЫ: САНАРИПТИК ДҮЙНӨДӨ БАЛАНЫ КОРГОО
- 08.09.2026
- 0
Үтүр Калиев атындагы Чолпон жалпы билим берүү мектебинде Ата-энелер декадасынын алкагында маанилүү иш-чара болуп өттү. Мектептин 5-классынын класс жетекчилери Венера Мукабаева жана Айнура Сулайманованын демилгеси менен уюштурулган жыйын «Санариптик дүйнөдө баланы коргоо: ата-эне, мектеп жана бала» деген темага арналып, анда бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери көтөрүлдү. 
Жыйында ата-энелерге балдарды интернет айдыңындагы ар кандай коркунучтардан, алдамчылыктан, кооптуу онлайн таанышуулардан жана деструктивдүү контенттен коргоо жолдору боюнча кеңири маалымат берилип, практикалык тапшырмалар аткарылды. Өзгөчө басым Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-июнунда кабыл алынган №123 Мыйзамына жасалып, окуу процессинде уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салуунун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. Ошондой эле, балдардын аккаунттарын, жеке сүрөттөрүн коргоо, купуялуулук жөндөөлөрүн тууралоо, экран убактысын көзөмөлдөө жана компьютердик оюндарга көз карандылыктын алдын алуу боюнча кеп-кеңештер айтылды. 
«Телефонду туура пайдаланууда чоңдор жаштарга үлгү боло алабы?» деген темада кызуу пикир алышуу жүрүп, балдарды көзөмөлдөө менен бирге аларга ишенимдүү мамиле куруунун жолдору талкууланды.
Мындан сырткары, окуучулардын үйдө, мектепте, көчөдө жана коомдук жайлардагы жалпы коопсуздугун камсыз кылуу маселеси да каралды. Жол кыймылы, өрт, турмуш-тиричилик жана өзгөчө кырдаалдар учурунда туура аракеттенүү алгоритмдери ата-энелер менен биргеликте талдоого алынды.
Катышуучуларга балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана өз алдынчалык деңгээлине жараша жоопкерчиликтүү жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча сунуштар берилип, атайын видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ата-энелер берилген маалыматтардын негизинде атайын эрежелерди иштеп чыгып, телефонду туура колдонуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттемелерди алышты.
А.К., «КБ»