АТА-ЭНЕЛЕР ДА КИТЕП ОКУШАТ

  • 18.03.2024
  • 0

Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде «Китеп — жан дүйнөнүн азыгы» аттуу иш-чара болуп өттү.

АТА-ЭНЕЛЕР ДА КИТЕП ОКУШАТ

Ары кызыктуу, ары пайдалуу иш-чараны 0-«б» даярдоо классынын ата-энелери жана окуучулары биргеликте уюштурду. Ага дээрлик бардык ата-энелер катышып, балдар менен биргеликте китеп окуп,  суроолорго жооп берип, тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле, макал-лакаптарды толуктап, сүрөттөр, табышмактар, логикалык суроолор боюнча күч сынашты. Китеп жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Жыйынтыгында ата-энелер мындай иштерди тез-тез өткөрүүнү сунуш кылып, өз  ыраазычылыктарын билдиришти.

КАЛМЫРЗАЕВА Назгүл,
Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин даярдоо классынын мугалими, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер