АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ: ЖАЛПЫГА ЖАККАН ЖАҢЫ ФОРМАТ

  • 13.12.2023
  • 0

Учурдагы мектеп реформасынын жүрүшүндө  көптөн бери өзгөрүүсүз келе жаткан билим берүүнүн эски салттары жаңыланышы керектиги айдан-ачык  болуп калды. Мына ошолордун бири — советтик мектептен калган ата-энелер чогулушу.

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ: ЖАЛПЫГА ЖАККАН ЖАҢЫ ФОРМАТ

Ата-энелер чогулушу же жыйыны советтик мектептин эң бир көнүмүш салттарынын бири болуп эсептелет. Аны көбүнчө ошол бойдон, эч бир өзгөрүүсүз эгемен өлкөбүздүн мектеби кабыл алып, кээ бир жерде анча-мынча өзгөчөлүктөрү менен колдонуп келүүдө. Ушу күндө да ата-энелер чогулушу мындан 50-70 мурун кандай өтүлсө, ошондой  өтүлүп жүрөт. Дагы деле мектептерде жыйынга ата-энелердин 30 пайызга жетпегени келет. Булардын басымдуу бөлүгүн мурда болуп келгендей аялдар түзөт. Аталардан өз баласынын окуусунан кабар алып келгени чанда кездешет. Советтик мектептен айырмасы, азыр, ар бир класстын ата-энелеринин Ватсап топтору бар. Бул топтор аркылуу класс жетекчилер окуучулардын ата-энелери менен байланышып, бир топ маселелерди чечсе болот. Мына ушундай Ватсап топтордон «Бүгүнкү жыйынга 9 ата-эне келди», » Эртеңки жалпы ата-энелер чогулушуна ар бир класстан 6дан ата-эне келсин» деген жарыяларды окуп калабыз. Демек, ушул күнгө чейин ата-энелер менен түзүлгөн кайтарым  байланыштын бул формасы бизде жакшы жолго коюла элек. Билим берүүдө алдыда бараткан кээ бир мектептердин бул жааттагы ийгиликтери кандай? Чет өлкөдөчү?
Алыс барбай эле, жаныбыздагы  Казакстанда өткөн кызуу талкууга орун берсек. Интернет айдыңында бул кызыктуу талкууну баштаган  адам — казакстандык ата-эне  Данат Жумин.

«Жакында мен ата-энелер чогулушуна бардым. Ошондон бир-эки байкоомду сиздер менен бөлүшө кетейин. Мектепте окуп жүргөндө мугалимдер мага чоң апа, таякедей көрүнсө, азыр көпчүлүк мугалимдерге мен өзүм да  таякедей көрүнөм.
Эсимде мектепте окуп жүргөн кезимде ата-энелер чогулуштарында кимди болбосун талкуулай беришчү. Балдарымда андай эмес экен.
Ата-энелер чогулушуна келип, Калкты тейлөө борборуна келгендей болдум. Бир гана айырмасы мында электрондук кезекке туруп,  талон албадым.
Мугалимдердин баары бир бөлмөгө чогулду. Ар бир мугалим номери бар өзүнчө столго отуруп, ата-энелерди кезек менен кабыл алып жатты…
Баламдын ишин, бааларын көрсөтүшүп, байкоолору жана сунуштары менен бөлүшүп жатышты. 12 столду айланып чыктым. Саат 17.00до кирип, 19.30да чыктым. Бул, албетте, көп убакыт, бирок бул мен үчүн өтө пайдалуу болду. Өз баламды көбүрөөк түшүнө баштадым.
Мени окуткан мугалимдер көбүнчө көйгөйлүү жерлерге басым жасашчу. Мисалы, окуучунун жүрүм-турумуна, жетишпегендигине ж.б.. Ал эми балдарымдын мугалимдери болсо жакшы жактарына өзгөчө көңүл буруп, баланын кызыгуусун, өнүгүү жана өсүү потенциалын көрсөтүп беришти.
Биздин убакта ата-энелер чогулушунда жалаң орусча сүйлөшчү. Уулумдун ата-энелер чогулушумда болсо, мугалимдер жана айрым ата-энелер үч тилде: казак, орус жана англис тилдеринде жайбаракат сүйлөштү.
Мурда чогулуштарга көбүнчө апалар барчу, бирок бул жерден мен бир топ аталарды кезиктирдим.

Азыркы айтканыма кошумчалай кетейин. Мурда мен балдарым менен киного, кафеге барчумун, муну “балдарга көңүл буруу” деп ойлочумун. Катамды азыр түшүндүм. Анткени анда биз жанаша отуруп мультфильм көрүп же  бир дасторкондо тамактанып жатканда, ар бирибиздин кулагыбызда аппаратыбыз бар болчу.
Ушул чогулуштан кийин балага көңүл буруу бул ата-эне жыйынына баруу, сүйлөшүү, сабактан кийин жолугуу, ойноо, кучакташуу дегенди билдирерин түшүндүм…..
Өзүң үчүн кымбат адамга убакыт бөлүү деген анын жанында жүрүү эмес, такай аны менен бирге болуу, сага эмес, ага эмне кызыктуу экенин билип турууну билдирерин түшүндүм.

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ: ЖАЛПЫГА ЖАККАН ЖАҢЫ ФОРМАТ

Данат Жуминдин бул байкоосуна бир топ башка ата-энелер өз пикирин билдирди.

«Бул система АКШда ондогон жылдардан бери бар, биз бул жерге 1998-жылы келип, бардыгы канчалык жакшы ойлонулганына жана анын биздин мектептен канчалык айырмаланганына таң калганбыз. Ал жакта  ата-энелердин жана мугалимдердин конференциясы деп аталат. Ошондой эле, чейректин аягында (бул жерде семестрде) ар бир баланын алган баасына, мүнөзүнө, өзгөчөлүктөрүнө карата  ар бир мугалим комментарий жазып жүрдү. Бул албетте ата-энеге жагымдуу! Кенжебиздин бала бакчадан берки ушундай коменттерин сактап жүрөм. Болбосо ал  качан эле колледжди аяктады»
(Татьяна Лозовая, АКШ)

«Менин неберем да Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин биринде окуйт. Бизде да ата-энелер чогулуштары ушул  педагогикалык кеңеш форматында өткөндүктөн, ата-энелер мындай жолугушууларга жан дили менен келишет, Мында балаң жөнүндө тереңирээк билесин, ар бир мугалим баланын дараметин көрүп, анын үстүндө иштеп жатканын угуу ата-энеге албетте жагымдуу.
Мектеп кесипке багыт берүү ишин да жакшы алып барат: күзгү каникулда НИМ мектептеринин балдары Түштүк Кореяда,  алдыңкы ЖОЖдордо болушту, Казакстан Республикасынын студенттери менен жолугушту, көптөгөн таасирлер алды.
Саякатты албетте ата-энелер өздөрү каржылады».

(Лана Шахманова, Казакстан)

«Ата-энемдин менин жөндөмүмдү баалаганы мен үчүн канчалык маанилүү болгонун ар убак эстейм. Чогулуштан кийин атам үйгө келип, маанилүү үнү менен: «Азамат!…Бааларың жакшы», — деди. Анан өзүмө  келдим. Бирок менин жазуучу экенимди ата-энем чогулуштарда гана билди.  Мугалимдерим жазгандарымды чогулушка келгендерге окуп беришчү. Ал күн ата-энем үчүн кандайдыр бир ачылыш болчу!Жалпысынан алганда, мектеп мындан ары бир да окуучуну ачык талкуулабаганы жакшы».

(Наташа Дар, Орусия)

«Апам менин башталгыч класстагы чогулуштарыма баргысы келбей, атамды жиберчү.
Бирок карындашымдын чогулушуна жан дили менен  барчу.»

(Жапар Усенов, Кыргызстан)

Бул талкуудан соң, жаңы форматтагы ата-энелер чогулушу тууралуу пикирин билгени жаш мугалимдердин мотиватору, Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн борборунун директору Бийик Рыскуловго кайрылдык.
Өзүңөр билгендей, Бийик Рыскулов буга чейин Бишкектеги эл аралык «Маариф» билим берүү мекемесинде мугалим болуп иштеди. Ал Казакстандын мамлекеттик мектептеринде колдонулган жаңы формат тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

— «Маарифте» иштеп жүргөнүмдө биз, мугалимдер, ата-энелер чогулушун заманбап нукта өтүп жүрдүк. Эң башкысы, бул иште окуучунун кемчилигине эмес, ийгилигине таянып жаттык. Ортосунда окуучунун окуудагы көйгөйүнө көңүл бурдук. Анан кайра эле окуучунун артыкчылык жагына басым жасадык. Бул педагогикалык табылга — гамбургер усулу деп аталат. Ата -энелер ар бир столго барып, ар кайсы предметтен берген мугалимден баласы тууралуу кенен маалымат алып жатышты. Окуучунун чыгармачылык дараметин ал жазган дилбаяндан, тарткан сүрөттөн, аткарган иштеринен көрүп, ыраазы болушту. Бул абдан мыкты усул! Эч кимдин кемчилиги баарынын көзүнчө айтылбайт! Ар бир ата-эне баласынын өсүп-өнүгүү потенциалы алдыда экенин туюп, сезет, мектепке, мугалимге болгон ишеними күчөйт, — дейт демилгечи педагог.

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ: ЖАЛПЫГА ЖАККАН ЖАҢЫ ФОРМАТ

Элет жеринде да бул багытта жаңылануу аракетин көрүп жаткандар жок эмес. Быйылкы окуу жылында Кочкор районундагы  Н.Жүндүбаева атындагы мектебинде ата-энелер чогулуштары жаңы форматта өтүлө баштады. Анда класс жетекчи менен ата-энелер бир гана көйгөйлөр тууралуу сүйлөшпөстөн, сабак да өтүшөт. Жаңы форматтагы чогулуштар «Энелер мектебинин» программасынын алкагында ишке ашып жатат.

— Бул чогулуштарда ата-энелерге үй-бүлөдө балдардын сезүү, кабылдоо, ойлоо, эстеп калуу, таанып билүү сапаттарын калыптандыруунун эң жөнөкөй  ыкмаларын үйрөтүп жатабыз. Мындан сырткары, жаш энелерге балдарды тарбиялап өстүрүүгө жоопкерчилигин ойготуу максатыбыз бар», — дейт окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жутабаева Латипа.

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ: ЖАЛПЫГА ЖАККАН ЖАҢЫ ФОРМАТ

P.S. Эми кошуна Казакстанда же биздеги «Маариф» мектептеринде эле эмес, сиздердин мектепте ата-энелер чргулуштары кандай форматта өтүп жатат?  Ой-бөлүшүп кетсеңиз…

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер