АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ ИШТЕЛИП ЧЫГУУДА

  • 10.08.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде ата-энелер үчүн мобилдик тиркеме боюнча коммуникациялык стратегиянын бет ачары өткөрүлдү.

АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ ИШТЕЛИП ЧЫГУУДА

Ага билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Джусупбекова жана Нурлан Омуров, ошондой эле министрликтин жооптуу кызматкерлери, ЮНИСЕФтин программаларынын координаторлору жана консультанттары катышты.

Мобилдик тиркеме KIX долбоорунун алкагында балдарды эрте өнүктүрүү жана төрөлгөндөн 7 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү маселелеринде ата-энелердин потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыгууда. Тиркемеде төрөлгөндөн 7 жашка чейинки курактагы балдарды окутуу, өнүктүрүү, кароо жана багуу боюнча маалымат жайгаштырылат.

АТА-ЭНЕЛЕР ҮЧҮН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕ ИШТЕЛИП ЧЫГУУДА

Жолугушууда материалдардын мазмуну, бекитүү, адаптациялоо жол-жоболору, мобилдик тиркемени жайылтуу боюнча кадамдар талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер