АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН МАМИЛЕСИН КАНТИП КУРАБЫЗ?

  • 13.05.2020
  • 0

Мына ушул суроого жооп алууга кызыксаңыздар 15-майда, 15.00дө Онлайн Университети өткөрө турган   “Ата-эне жана бала лабораториясынын” алгачкы вебинарына катышыңыздар.  

АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛАНЫН МАМИЛЕСИН КАНТИП КУРАБЫЗ?

Иш-чара ата-эне менен баланын ортосундагы жылуу мамилени куруу, өнүктүрүү боюнча тажрыйба бөлүшүү максатында уюштурулуп жатат. Маектин алып баруучусу үч баланын энеси, лингвист-котормочу Гулизат Бекмурзаева, коногу  — Германиянын Тюбинген университетинин окутуучусу жана докторанты, үч баланын энеси, мекендешибиз Гүлзат Баялиева болот. Ал  онлайн баарлашууда мектеп жашындагы балдарын искусство дүйнөсү менен кантип тааныштырып жаткандыгы туурасында өз тажрыйбасы менен бөлүшөт. Гүлзат пандемия учурунда музейлердин онлайн ачык көргөзмөлөрүнө баш багып гана тим болбостон, белгилүү сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун эмгектерине   балдары менен биргеликте 28 реплика жасап, чыгармачылыктан өзү да, балдары да ажайып эмоцияларды алгандыгын айтып берет.

Колдо бар жөнөкөй буюмдар менен сүрөттөрдү тартып, айкелдерди жасап, портреттерди жаратып жатып, эне менен бала бири-биринен көп нерсе үйрөнүп, искусствону таанууга чогуу чыйыр салып жаткандыгын көрөсүз.

Эске салсак, “Онлайн университети” платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандыктардан жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат.

Вебинардын шилтемеси:

Идентификатор: 986 7145 7782

Пароль: 365243

https://zoom.us/j/98671457782

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчасы: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Бөлүшүү

Комментарийлер