АТА-БАБАЛАРДЫН БУЮМДАРЫН АЗДЕКТЕГЕН КЕМИНДИК КИТЕПКАНАЧЫЛАР
- 04.09.2026
- 0
Кырчын жайлоосундагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынынын алкагында өтүп жаткан этнофестивалга кеминдик китепканачылар да өз салымын кошууда.

Алар бул жерге сейрек кездешүүчү буюмдарды алып келишкен. Таберик буюмдардын арасында XVI кылымга таандык тыйындар, XIX кылымдагы сандык, жаргылчак, кетмен, 1934-жылкы супара, 1947-жылы заводдон чыгарылган темир жолчулар үчүн жол чырак жана 1920-жылдагы жайнамаз бар.
Өзгөчө Үркүн учурунда жерге катылган жаргылчактын тарыхы кызыктуу. Ал Кытайдан мекенге кайтып келгенден кийин табылып, дээрлик өзгөрүүсүз сакталган. Ошондой эле Кытайга барып келгендер нан сактоо үчүн пайдаланган үкөк да музей-бурчтарда сакталып келет.
Кемин районундагы 26 китепкананын 23үндө «Санжыра-музей» бурчу уюштурулган. Райондук китепканалар тармагынын директору Гүлнара Абсалиеванын айтымында, экспонаттар жергиликтүү тургундардан чогултулган.
— «Буюмдарыңар өз айылыңарда калсын, аны кийинки муундар көрсүн» деп элге кайрылдык. Алар да түшүнүү менен кабыл алып, колдорундагы тарыхый буюмдарын беришти, — дейт Гүлнара Абсалиева.
Бүгүнкү күндө китепканачылар тарыхчы жана мектеп мугалимдери менен тыгыз иштешип, жаштарга ата-бабалардын мурасын таанытууга өзгөчө көңүл бурушууда. Айына бир жолу 9–11-класстын окуучулары «Санжыра-музей» бурчтарына келип, тарыхый буюмдар менен таанышып турушат.
Кеминдик китепканачылар үчүн бул экспонаттар — жөн гана эски буюмдар эмес, өткөн муундардын тарыхын бүгүнкү күнгө жеткирген баалуу мурас.
Атайын кабарчы.