АТ-БАШЫДА АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

  • 23.08.2023
  • 0

Ат-Башы районунда артта калган окуу жылынын жыйынтыгы менен билим сапаты 58 пайызды түздү. Бул көрсөткүч 2021-2022-жылдардагы окуу жылынын жыйынтыгына салыштырмалуу 10 пайызга өсүш берген. Анткен менен райондо билим берүү жаатында кемчиликтер да жок эмес. Анын баары райондун август кеңешмесинде айтылды.

АТ-БАШЫДА АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Жаңы окуу жылына саналуу гана күндөр калды. Ат-Башы айылындагы А.Карыбеков атындагы мектептин директору Мээрим Төлөгөн кызы жаңы дем, жаңы күч менен иш башталаарын август кеңешмесинде белгилеп өттү. Ал жетектеген билим уясы өткөн жылы көп ийгиликтерди жаратып, облустагы алдыңкы мектептердин катарына кирди. Ал эми алдыдагы окуу жылына карата окуучулардын алган билим сапатын көтөрүү максатында тынымсыз иштер жүргүзүлмөкчү.

АТ-БАШЫДА АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

— Биздин планыбызда окуучуларды олимпиадаларга даярдоо. Мугалимдер олимпиадник балдарды өзүнчө даярдап жатышат. ЖРТга күчтүү мугалимдерди тартып, бүтүрүүчүлөрдү дагы даярдайлы деген планыбыз бар. Жемишин берет деген үмүтүбүз чоң, — дейт мектеп жетекчиси.

АТ-БАШЫДА АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ

Жалпысынан Ат-Башы районунда 21 мектеп бар болсо, анда 12049 окуучу билим алат.  Алардын алган билим сапаты 59% чукулдап, ушул көрсөткүч менен Ат-Башы району облустун башка райондорунан айырмаланып, сап башында келатат. Бирок иш бар жерде, кемчилик да болбой койбойт. Маселен, аймактагы орто мектептер бүгүнкү күндө окуу китептери менен 82% гана камсыздалып, 18% муктаждык жаралып келет.

— 21 мектеп электрондук китепкана менен дагы иш алып баруудабыз. Анткени ар бир мектеп компьютерге, интернетке туташтырылган. Ошон үчүн анын жардамы менен мугалимдер, окуучулар электрондук китепканага, Ай билимге ж.б. кирип, окуганга мүмкүнчүлүктөрү бар, — дейт Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозмамбет Солтобаев.

Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелери райондо 22 болсо, анда 1976 бала тарбияланып келет. Бала бакча жетекчилери жаңы окуу жылына карата жаңы методика менен иштөөнү колго алып жатышат. Тагыраагы, STEM методикасы жаңы окуу жылында бардык бала бакчаларды колдонулмакчы.

“Ак-Жар  Сезими” балдар бакчасынын жетекчиси Саида Паслахунованын айтымында, сабакты көрсөтмө курал менен өтсө балдар көп кызыкпай калган экен. Аларга үй жаныбарларын, балыктарды алып келип, тарбиячылар сабак берип жатышыптыр.

Райондогу мектептерде ийгиликтер менен кошо кемчиликтер көтөрүлгөн август кеңешмесинде жаңы окуу жылына карата агартуучуларга бир канча иштер милдеттендирилди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер