АТ-БАШЫ: «МЕКТЕПТЕРДЕ ШАХМАТ» ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ИШКЕ АШУУДА

  • 29.10.2026

 Президенттин Жарлыгынын негизинде жалпы билим берүү мекемелеринде интеллектуалдык спортту жайылтууга багытталган «Мектептерде шахмат» пилоттук долбоору расмий түрдө ишке ашырыла баштады. АТ-БАШЫ: «МЕКТЕПТЕРДЕ ШАХМАТ» ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ИШКЕ АШУУДА

Бул республикалык маанилүү демилгенин алкагында Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнө шахмат комплекттери, такталар жана атайын сааттар келип түштү. 

Район боюнча долбоорго Карыбек уулу Акматаалы, Касыке Мамбеталиев, «Ой-Терскен», Жанаалы уулу Адырахман, Карыбек Карпеков жана Апыш Койчуманов атындагы жалпы билим берүү мектептери киргизилди. АТ-БАШЫ: «МЕКТЕПТЕРДЕ ШАХМАТ» ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ ИШКЕ АШУУДА

Негизинен 3–5-класстын окуучуларына багытталган бул демилге санариптик доордо балдардын кунт коюусун жакшыртып, логикалык жана математикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Алдыда аталган билим берүү мекемелеринде туруктуу иштеген шахмат ийримдери уюштурулуп, райондук жана облустук деңгээлдеги мелдештер өткөрүлүп турмакчы.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү