АТ-БАШЫ — МЕКЕНЧИЛ ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

  • 10.11.2021
  • 0

Учурда жаш муундарды «Манас» эпосун, «Манас таануу» курсун окутуу менен​ мекенчилдикке тарбиялоо эң негизги маселе болуп жаткандыгы айтпасак да белгилүү эмеспи. Бул жалпы коомчулуктун, айрыкча педагогдордун милдети экендиги талашсыз.

Жакында Аксы, Ала-Бука райондорунун мугалимдеринен түзүлгөн топ Теңир-Тоо аймагына, тактап айтканда, Нарын областынын Ат-Башы районунун мектептеринде болуп, «Манас таануу» багытында аткарылып жаткан иштерге күбө болуп, өз тажрыйбабызды бөлүшүп, пикир алмашып кайттык.

АТ-БАШЫ - МЕКЕНЧИЛ ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

Бул иш-сапарга үч райондун жетекчилиги,​ билим берүү бөлүмүнүн башчылары жана «Манас таануу» телесынагынын уюштуруучулары демилгечи болушту.

Алгач атбашылык туугандар жылуу маанай менен тосуп алышып, берерге чайын, жатарга жайын белендешип, агыл-төгүл мүнөздө конок жайын кылышты.

Андан кийин райондогу тарыхый жайлар: Таш-Рабат,​ Кошой-Коргон, Чеч-Дөбөгө барып, алардын тарыхы, айтылып жүргөн уламыштары менен тааныштык.

Карыбек уулу Акматаалы атындагы, Карыбек Карпеков атындагы орто мектептеринде болуп, алгылыктуу иштерди аткарган эмгек жамааттары менен пикирлештик.

Райондогу Чыпай Асеков мектебинде да конокторду кыргыздын нукура салты менен тосуп алышты. «Манас» эпосу боюнча сахналаштырылган эпизоддор бул иш-чарага катышкан ар бир адамды кайдыгер калтырган жок.

Каармандардын кийимдери, алардын жараткан образдары катышуучуларды «Манас» дүйнөсүнө алып барды десем жаңылышпайм.

АТ-БАШЫ - МЕКЕНЧИЛ ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

«Чоң казатта» кыргыз жана  кытай жоокерлеринин  урушун чагылдырган эпизоддо көрүүчүлөрдүн «айгайлап» кыйкырганы баарыбызды толкундантты. Манастын урпагы болгонубузга  сыймыктандык.

Ат-Башы районунда бир жылда эки жолу өтүлүүчү «Манас таануу» сынагына катышып отуруп, ар бир мектептин бул сынакка жигердүүлүк менен даярдык көргөнүнө күбө болдук. Окуучулардын  жооптору бизди кубандырды.

Мындан сырткары, жаш манасчылардын сынагы да мыкты деңгээлде өттү. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш таланттардын бар экендиги ар бирибиздин сезимибизге жылуулукту ыроолоду.

Бул иш-чараларга Рыспай Исаков баш болгон заманыбыздын залкар манасчылары катышып, жаш муундарга өздөрүнүн баалуу насаатын айтып, ак баталарын беришти.

АТ-БАШЫ - МЕКЕНЧИЛ ЖАШТАРДЫН АЛТЫН БЕШИГИ

Мектепте чыгармачылык менен уюштурулган ар кандай бурчтар баарыбыздын кызыгуубузду арттырды. Айрыкча «Манас» бурчу эпосту, кыргыз элибиздин кол өнөрчүлүгүн, салт-санаасын, улуулугун толук чагылдырганы менен өзгөчөлөнүп турат.

Ат-Башы жергесиндеги ийгиликтерге, билим берүү жаатындагы өзгөчөлүктөргө ыраазы болуу менен өз райондорубузга сапар алдык.

Мыкты саамалыктарды жараткан кесиптештерибизди өз жергебизге чакырууну да унутканыбыз жок. Жол ката  ат-башылыктардын ийгилигин, меймандостугун, адамгерчилигин, айрыкча, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш педагогдордун иш-аракеттерин кеп кылып, алардын ар бирине агартуучулук жаратман ишинде зор ийгиликтерди кааладык.

Рахмат, сиздерге, теңиртоолук кесиптештер!

Узен Атаканов, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер