АТ-БАШЫ: К.МАМБЕТАЛИЕВ МЕКТЕБИ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯР
- 20.08.2021
- 0
Райондогу Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектепте жаңы окуу жылына карата даярдыктар көрүлүп бүттү.
Маалыматка ылайык, аталган мектептеги 19 класстык бөлмө, залдар, ондон ашык кабинеттер, китепкана жана ашкана толугу менен сырдалып, акиленди. Отказан бир сыйра оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, даярдык абалына келтирилди. Бул жумуштарды аткарууда 14 техникалык кызматкерлер иштешти.
— Эмгек өргүүлөрүндө жүрүшсө да өздөрү келип, сырткы спорттук аянттагы шаймандарды, дарбазаларды, тосмолорду сырдап, жаңыртууга мугалимдерибиз да жакшы жардамдарын көрсөтүштү. Жалпысы 16 мугалим ишке келип-кетип турушту. Алар мындан сырткары мектептин тегерегиндеги бак-дарактарды актап, алардын арасындагы жана баскылыктагы чөптөрдү чаап, тазалап беришти. Кыскасы жаңы окуу жылын жылдагыдай жарык жүз менен тосуп алабыз, — деди мектеп директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары Бакай Омокоев.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер