АТ-БАШЫ: АКЫНДЫН ҮЧ ЖҮЗДӨН АШЫК  КИТЕБИ БЕЛЕККЕ БЕРИЛДИ

  • 24.10.2022
  • 0

Кыргыз эл акыны, үчүнчү, экинчи даражадагы “Манас” ордендеринин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеев кичи мекени Ат-Башыдагы Б.Кыдыкова  атындагы райондук китепканага өзүнүн чыгарган китептерин белекке берди. Китептерди акындын кызы Изат тапшырды.

Анда акындын калеминен ар кыл жылдары жаралган ырлар топтомунун үч томдугу, элеттин энциклопедиясы аталган  “Агындылар” китебинин   үч томдугу, окурмандардын суроо-талабы боюнча кайрадан иштелип, толукталган  “Эки дөөнүн күрөшү”  жана поэзиянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларын эне тилибизде которуп, көркөм сүйлөткөн “Булуттар”  жыйнагы бар.

Акын Ш.Дүйшеевдин белекке берген 354 китеби райондук китепкананын китеп фондусуна алынды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер