АСТРА НАЗАРМАТОВА “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МЫКТЫСЫ” ТӨШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 05.10.2026

Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара «Ырыс-Ордо» мамлекеттик конгресс-борборунда өтүп, анын алкагында республика боюнча рейтинги жогорку көрсөткүчкө ээ болгон педагогдорго сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева министрликтин «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасынын тандоосунун жыйынтыгы менен аныкталган педагогдорду сыйлады.

Чүй облусунун Сокулук районундагы №43 кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуу мастери Назарматова Астра Кеңешбековна «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды.

Ал №43 кесиптик лицейинде өндүрүштүк окутуу багытында эмгектенип, окуучуларга кесиптик билим жана практикалык көндүмдөрдү берүү иштерине катышып келет.

Сыйлык «Мугалим» автоматташтырылган маалыматтык системасынын тандоосунун жыйынтыгы боюнча тапшырылды.

М.К, “Кут Билим”

Бөлүшүү