АСТАНАДА КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТТҮ
- 17.09.2024
- 0
13-сентябрда Казакстандын борбору Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Ага 89 мамлекеттен 2500дөй ашык спортчу катышты.
Анын ичинде Казакстандан сырткары Кыргызстан, Кытай, Венгрия, Монголия жана Орусия өлкөлөрүнөн эң көп спортчу келди. Гана, Эфиопия, Нигерия сыяктуу Африка өлкөлөрүнөн орточо келсе, АКШ, Германия, Чехия, Франция жана башка мамлекеттерден азыраак өкүл болду. Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Грекиянын курамасы жол баштап чыкса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында демилгечи катары Кыргызстандын командасы биринчи чыкканы салтка айланып баратканы жакшы жөрөлгө.
Өзөгү улуттук оюндарды камтыган эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараны Кыргыз Республикасы 10 жыл мурда демилгелеп, өзү үч ирет өткөрүп, төртүнчүсү Түркияда уюштурулган эле. Бул ирет Казакстан жогорку деңгээлде өткөргөнү менен оюндар коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты.
Ошондой болсо дагы бул 10 жыл аралыгында Көчмөндөр оюндарынын кулачы кеңейип, дүйнөнүн жарымына жакын өлкөлөрдүн башын кошкон деңгээлге жеткени, Кыргыз бренди катары Түрк тилдүү мамлекеттер, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул оюн өзгөчө мааниге ээ болуп баратат.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ачылыш аземинде белгилегендей, бул иш-чара көчмөндөрдүн мурастарын, рухун, каада-салтын, маданиятын даңазалап, көчмөндөр Батыш менен Чыгыштын ортосунда көпүрө болуп, маданияттардын жакындашына салым кошуп, оюндарды баштаган Кыргызстандын демилгеси эл аралык деңгээлде көчмөндөр олимпиадасы катары таанылды.
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу катышып,алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашты.
Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана спорт комплекстерде уюштурулуп, жеңүүчүлөргө 97 комплект медаль ыйгарылды. Командалык эсепте биринчи орунду оюн ээлери Казакстан ээлесе, экинчи орунду Кыргызстандын улуттук курама командасы камсыз кылды. Кыргызстандык спортчулар 19 алтын, 21 күмүш, 25 коло медаль, жалпы 65 байге утуп келишти. Үчүнчү орунду ээлеген өзбекстандык спортчулар ээлеп, алар 11 алтын, 12 күмүш, 11 коло байгелүү болушту. Россиянын курама командасы төртүнчү катарга илинип, алар 11 алтын, 10 күмүш, 25 коло медаль утуп алышты. Түркия-бешинчи, Иран өлкөсү алтынчы орунга илинди.
Мелдеште ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, тыйын эңмей, салбуурун, тогуз коргоол, овари, мангала, көк бөрү, жер улак (көк пар), татар күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү, ордо, Алыш бел боо күрөшү, кураш, чүкө оюндары, эр эңиш, таяк тартыш, казак күрөшү, аркан тартыш жана оордуктарды көтөрүү боюнча 181 спортчу Кыргызстандын намысын коргоду.
Эстафетаны кайрадан Кыргызстан алды
Жалпыга маалым болгондой, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биринчи ирет 2014-жылы Кыргызстанда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн. Алгач аны эл аралык оюндарга айлантуу максат кылынып, кийинки оюндар Түркияда өтүшү мүмкүн экени айтылган. Кыргызстан менен Түркиянын ошо кездеги бийлигинин ымаласы салкындай түшкөндүктөн ал демилге ишке ашпай калган эле.
Натыйжада Кыргызстан 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өзү өткөрүп, эл аралык кадыр-баркын көтөрүүгө аракет кылганы натыйжасын берип, эстафетаны Түркия алып, 2020-жылы пандемияга байланыштуу оюндар болбой артка жылып калган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уюштурулду. Андан соң оюндарды өткөрүү демилгесин Казакстан көк пар оюндарында гана коомчулуктун нааразычылыгын жаратканы менен мелдештерди, маданий жана илимий иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурганына күбө болдук.
2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Кыргызстан кайрадан өзүнө алды.
Чынында Казакстан көчмөн цивилизациясынын көрсөтүүгө басым жасап, бул оюндарды системалаштыра алды. Буга чейин ал этнофестиваль сыяктуу, баары аралашып өтүп келген болсо, казактар оюндарды бир топ системалуу түрдө өткөрүүгө басым жасады. Биздин кыргыздар башында бул оюндарды өзүбүздө гана өткөрүп турууну пландап, үч ирет Кыргызстанда өткөрүү менен оюндар мынчалык масштабга жетээрине ишеними зор эле. Муну Түркия менен Казакстанда өткөн Көчмөндөр оюндары олимпиадалык оюндарга атаандаш болоорун далилдеп койду. Эң башкысы олимпиада оюндарында спорттук мелдештерге гана басым жасалса, көчмөндөр оюндарынын таасиринин артышынын себеби, этно маданий иш-чаралар, көргөзмөлөр жана илимий конференциялар баркын көтөрдү.
Чынында, көчмөндөр оюндарынын масштабын, кулачынын кеңейгенин ага катышкан өлкөлөрдүн саны мисал боло алат. Айталы, биринчи I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 мамлекеттен 500дөй киши келсе, II оюндарга 60тай мамлекеттен 1000дей спортчу катышкан. Үчүнчү оюндарда да мындан бир аз ашып, Түркияда өткөн төртүнчү оюндарда 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Казакстандагы катышкан өлкөлөр да 89 экенин айтсак жетиштүү болот.
Бириккен Улуттар Уюмунда 193 мамлекет мүчө жана 2 мамлекет байкоочу экенин эске алганда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дээрлик дүйнөнүн жарыман ашык мамлекеттердин башын бириктирди десек жарашат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын автору катары айтылып жүргөн коомдук ишмер Асхат Акибаев мындай деди:
“-Бул оюндарды баштап, демилге көтөрүп жатканда бир гана максат бар болчу – Олимпиада оюндарына альтернатива жасоо эле. Себеби, ал жана башка эл аралык оюндар саясатташып, коммерциялашып, дүйнө калкын тажата баштагандай пикир жараткан эле. Акыркы Олимпиада оюндары спорт ансайын саясий курал болуп калганын, айрым өлкөлөргө санкция салынгандыктан өз желеги менен катыша албай калганын көрсөттү. Мына ушунун баарын эске алып, бизге окшогон каражаты аз мамлекеттер үчүн олимпиадалык спорт түрлөрүнүн башаты улуттук оюндар экенин далилдөө максатында өзүнчө этноспорт боюнча оюндарды өткөрүүнү демилге кылган элем. Дүйнөдө этно спорт менен кесип катары машыгып жаткан 500дөн ашык федерация бар экен, мына ошолордун эле башын бириктирсек болорун түшүнүп, көчмөндөр оюндары мына ушинтип башталган эле. Кадимки спорттун технологияларын, брендинг, маркетинг, менежмент, калыстар жана башкаларын этноспортко ыңгайлаштырдык. Алгачкы оюндар фестиваль багыты менен өтүп, улам таасири артып, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүп калды. Ушундай темп, ыргак менен уланса Көчмөндөр оюндары Олимпиаданын деңгээлине жетип калышы ыктымал. Биз эгер муну дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, Түштүк Америкадагы, Европадагы тарыхы көчмөн мамлекеттерге, же Жапония сыяктуу өлкөлөргө өткөрүп беребиз десек анда бул оюнду дагы да масштабдуу деңгээлге чыгарышыбызга туура келет. Казакстанда уюштуруу иш-чаралары ушундай дүйнөлүк деңгээлге жеткирүү жакшы аракет жана өрнөк болду,-деди Асхат Акибаев.
Көчмөндөр оюндарынын автору- Кыргыз эли
Баса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык аренада тааныла баштаган сайын Кыргызстандын ичинде анын авторлугуна байланыштуу талкуулар күчөп, аны менчиктөөгө аракет кылгандар арбын.
Бир тарабы бул демилгени мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Адахан Мадумаровго таандык дешсе, экинчи тарабы биринчи оюн өткөн маалдагы Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиев менен Ысык-Көл облусунун экс-башчысы Асхат Акибаевди атап, авторлукту талашып келишет. Асхат Акибаев патенттеп алганын, өзү автор экенин айтып келатат.
Башкалары демилгени “Манас” эпосунун 1000-жылдык мааракесинде, 1995-жылы режиссёр Болот Шамшиев көтөргөнүн жазышса, кээлери коомдук ишмер Ташкул Керексизов менен жеке ишкер Таалай Эсеналиев экенин айтып жүрүшөт. Ал эми бул демилгенин башатында турган жеке ишкер 26 жашында Болотбек Дыйканбаев 2007 -жылы Өзгөн районунда 9 мамлекеттин спортчулардын чакырып, 52 боз үй тиктирип, кыргыз улуттук оюндарын өркүндөтүү максатында “ Көчмөндөр оюну”-деп атап, байгеге 15 миң доллар, 5 автомашина коюп,жалпы чыгым 170 миң АКШ доллары болгонун факты катары, катышкандар да айтып жүрөт. Бул иш чарага бийлик тараптан ошолу учурдагы мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышып, идеяны илип кеткен деген пикирлер да бар.
Канткен күндө да бул Көчмөндөр оюндарынын башаты тээ илгери эле Көкөтөйдүн ашы болгонун, башында Айкөл Манас баштаган Кошой балбан, даанышман Бакай бабалар колдогонун, эгемен өлкө болгону кезинде жапырт аткарылган иш болуп, дүйнө үчүн Кыргызстан, кыргыз эли гана автор болуп калганын кубаныч менен кабыл алып, өз ара авторлукту талашпай, кыргыздардын демилгеси экенине сыймыктануубуз зарыл.
Көк пардан чыккан чыр, эки элдин ынтымагын ыдырата албайт
Учурда канча миңдеген казак көк пар же жер улак оюнунан чыккан чырга карабай кыргызды сыйлап, кыргызды боорум деп турганы талашсыз. Эки эл илгертен бери куда-сөөк, тууган, дос күткөндөр канча? Ошого карабай чырлуу оюндан кийин мүлдө казак журтуна акарат келтирип, ашата сөгүп жаткандар эки элдин ынтымагына доо кетирип жатканы туура эмес.
Ала кушту атынан аташ керек дегендей эле так ошол оюндан от чыгарган башкы калысты, калыстар тобун, үйү жакын иттин куйругу узун болуп камчы менен биздин оюнчуну чапкан көкпарчынын өзүнө нааразы болуш керек. Ошондой болсо дагы ошол калыстын туура эмес чыгарган чечими кыргыздын кадыр-баркын дүйнөгө көтөрүп, кыргыз элинин уулдары намысты туу кылаарын, адилетүү, нарктуу, руху, духу бийик экенин көрсөтүп, казак элинин жигиттеринин чыныгы жүзүн көрсөтүүгө себепкер болду.
Бул чырлуу оюндан кийин “дурус болбой калды”, “уят эле болдук”, “Мындай жеңиштин кимге кереги бар эле?” деп калыс сөзүн кашкайта айткандар да четтен чыгып жатат. Ал тургай түбү тууган эл экенибизди айтып, кечирим сурагандары да болууда.
Өзгөчө жүрөк жылытканы кыргыздын аскар тоодой бийик уулу, чыгаан инсаны Жусуп Абдрахмановдун 1930-жылдары ачарчылыкта казак калкына жасаган нар көтөргүс эмгегин, миңдеген казактарды сактап калганын, өзү ушул жакшылыгынын кесепетин тартып, репрессияга кетип, курман болгонун айтып, жазындагы топон суу катпаганда Кыргызстан эң биринчи кол сунуп, гумжардам бергенине ыраазы болуп жатканын угуп, жалпы казак элине кантип жалпы гөө шыбап, антип нааразы боло бербейли. “Бир карын майды, бир кумалак чиритет” дегендей бир тентектин айынан эки элдин ынтымагына доо кетирбей, эки элдин ортосундагы көрүнбөгөн көпүрөлөрдү өрттөп жиберүүдөн алыс жана калыс, айкөл бололу.
Түбү тууган түтүшпөйт дегендей түрк тектүүлөрдүн бирдигине Көчмөндөр оюндары данакер болуп, ынтымагы дагы бекемдей берсин дейли.
Кыргыз-казак бир тууган бойдон, боордош эл бойдон кылымдарды карыта берсин!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
спорттук баяндамачы, “Кут Билим”
Комментарийлер