АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК

  • 16.02.2021
  • 0

Ош билим берүү институтунун иш планынын негизинде облус аймагындагы Аскерге чейинки даярдык предметинин мугалимдери үчүн “Милдет, Намыс, Ата мекен” аттуу облустук семинар Алай районундагы Токтогул атындагы орто мектебинин базасында өттү.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК

Бул мектептин АЧД мугалими Алмаз Жакшыбай уулунун жана С.Молдокулов атындагы орто мектебинин АЧД мугалими Асанов Рустамдын иш тажрыйбалары жайылтылып, ага облус аймагындагы педагогикалык кызматкерлер катышты. Уюштуруучулардын айтымында, семинардын негизги максаты мугалимдер менен тажрыйба алмашуу менен окуучуларды Мекенди коргоого, сүйүүгө, урматтоого жана улуттук ар намысты бекем сактоого багыттоо болуп саналат.

Семинардын соңуңда иш-чараны өткөрүүгө салым кошкондугу үчүн Токтогул атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына ыраазычылык кат, АЧД мугалими Алмаз Жакшыбай уулу жана С.Молдокулов атындагы орто мектебинин АЧД мугалими Рустам Асановдор Ош билим берүү институтунунун Ардак  грамотасы менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер