АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО КАБИНЕТИ АЧЫЛДЫ

  • 26.10.2024
  • 0

Субан уулу Алмас атындагы орто мектебинде майор Бектемиров Майрамбек атындагы Аскерге чейинки даярдоо каанасы ачылды.

Мектептин директору Орозбаева Жыргалбүнүн айтымында, Аскерге чейинки даярдык сабагы 10-11-класстарда өтөт. Бул сабакта окуучулар аскердик милдет, аскердик кызматтын мааниси жана ошондой эле куралдуу күчтөрдүн аскердик антын жана аскердик уставдардын талаптары, куралдуу күчтөрдүн мааниси жана түзүлүшү тууралуу окушат.

“Муну менен катар жаштарды мекенчилдик сезимге, жогорку моралдык-психологиялык сапатты калыптандырууга, аскердик кызматты сүйүүгө үйрөтөт”, – деди директор.

Иш-чарага «Сый-урмат» ардагерлер кеңешинин Баткен областтык төрагасы, «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин Баткен областтык төрагасы Массайитов Тынычбек, Лейлек райондук төрагасы Жамилов Абдурашит, Кызыл-Кыя шаардык төрагасы Жороев Сайдумар, «Мекенди коргоочулар» бирикмесинин кеңешчиси полковник Султанов Мирланбек, Кара-Кулжа райондук администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Көкөев Маматиса, Кара-Кулжа райондук аскердик комиссариатынын комиссары Жороев Ниязбек, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Калыкеев Кайратбек жана айыл аксакалдары, үй-бүлөсү, туугандары, мугалимдер, окуучулар  болуп жалпы 487 адам катышты.

Уюштуруучулар «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин атынан төш белги, грамота тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер