АШАР ЖОЛУ МЕНЕН ИМАРАТ КУРУУ ДЕМИЛГЕСИ КИМГЕ ТААНДЫК?

  • 20.08.2021
  • 0

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Бек-Абад айылындагы С.Атабеков атындагы №88 мектептин жамаатынын кошумча имарат куруп жаткандагы социалдык тармактарда тараган видеосу коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.

Жалал-Абад облустук администрациясынын басма сөз кызматы мугалимдер ашар жолу менен мектепке жетишпей жаткан окуу корпусун куруп жатышат деп, бул маалыматты тастыктаган. Интернет колдонуучулардын кээ бири аларды колдоого алса, арасында мамлекеттин күчү жетпегендиктен аргасыздан ушул ишке барып жатышканын айтып, боору ооругандар да бар. Видеодон көбүнчө аялдар аралашкан курулушту көрүүгө болот.

Бул демилгени ким көтөрүп чыкканы, аларды ким колдоого алып, курулуш материалдары менен камсыздап жатканы тууралуу так маалымат азырынча жок.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер