АСАНБЕК ТЕЗЕКБАЕВДИН КААРМАНДЫГЫ
- 23.01.2025
- 0
Белгилүү педагог, акын-жазуучу Асанбек Тезекбаевди мен жакшы билчү элем. Биз бала кезде “Кыргызстан маданияты”, “Мугалимдер гезити”, “Советтик Кыргызстан”, “Ленинчил жаш” деген гезиттер, “Байчечекей”, “Эл агатуу”, “Чалкан” деген журналдар бар болчу.
Ошол гезит-журналдар аркылуу Асанбек агайдын ырларын, макалаларын, публицистикаларын окуп, радиодон “Кутмандуу болсун күнүңөр”-деген уктуруудан сатиралык аңгемелери менен интермедияларын далай угуп жүрчүбүз. Ал эми “Мектеп” жана “Кыргызстан” басмалары аркылуу бир топ китептери чыгып, аларды да окуп калдык. Кечээ жакында эле Асанбек агайдын чыгармалар жыйнагынын 2 томдугу колума тийип, бир сыйра барактап, бала кезде жалпылап эле окуган болсом, бу жолкуда маани берип, үңүлүп кайрадан жакшылап окуп чыктым.
Бир гана каниет кыла турган нерсе. Асанбек агайдын артына атанын эле эмес, элдин да уулу болгон деген изди, эмгекти, мурасты калтырып кеткендиги. Аны билген, тааныган адамдардын кимиси менен сүйлөшпөйүн, улам жарыгын жалпыга чачкан, жакшылыктын чынжырын үзбөгөн, бүт өмүрүн балдарды тарбиялоого арнаган мекенчил адам болгон деп баса белгилеп айтышты.
Бирок ошентсе да өмүр жолун, ишмердигин кыскача кошуп коюуну эп көрдүм.
Таанымал жазуучу, акын, сатирик, белдүү педагог Асанбек Тезекбаев Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылында 1932-жылы туулган. Анын балалык чагы согуш учуруна туш келип, атасы Тезекбай Улуу Ата Мекендик Согушта мекенине кайтпай калган. Ал атадан калган жалгыз туяк, балбандын тукуму . Энеси Ракыя экөө бул турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып, өз киндигин өзү кесип, эрезеге жетет. Бала кезинен чыйрак өсүп, эл алдында энесин жер каратпай зээндүү, эстүү болуп чоңоет.
1952-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика-математика факультетине өтүп, аны 1957-жылы бүтүрүп, жолдомо менен Жумгал районунун Жаңы-Арык орто мектебине мугалим болуп, эмгек жолун баштайт. Андан кийин 1959-1967-жылдары өзү туулуп өскөн Таш-Дөбө жети жылдык мектебине директор, 1969-жылдары коммунисттик партиянын Жумгал райондук комитетинде инструктор, андан соң кайрадан Жаңы-Арык орто мектебине, көп өтпөй Миң-Куш шаарчасындагы А.С. Пушкин атындагы орто мектепте директор болуп эмгектенген. 1976-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Таш-Дөбө орто мектебинин эмгек жамаатын жетектеди. Тезекбаевдин педагогдук тажырыйбасы көптөгөн жаш муундарды тарбиялоодо чоң өбөлгө болгон. Жалпы мугалимдердин көйгөйүн чагылдырган «Кыргыз маданияты» жумалыгына жарык көргөн «Агай деген ат кайда?» деген аталыштагы публицистикалык макаласы окурмандар, педагогдор тарабынан кызуу талкууга алынып, ошол учурда айтылган омоктуу ойлору азыр дагы актуалдуу боюнча калууда.
1990-жылдары мамлекет тарабынан каржыланган,Таш-Дөбө орто мектебинин жаңы корпусунун курулушун көзөмөлгө алып, пайдаланууга бердирген.
Асанбек Тезекбаев 1960-жылдардан тартып адабият майданына аралашып өз окурмандарын тапкан. Көп жылдар педагог болуп иштегендиктенби балдардын кулк-мүнөзү ага белгилүү болгондуктан анын калеминен «Сайра торгой», «Кумайык», «Токсон өрдөк», «Кыялкеч бала» деген аңгемелер жана фантастикалык жыйнактары жарык көргөн. Сатиралык «Касиеттүү түкүрүк», «Кол үзүшпөй жүрөлүк», «Чагылган изи» деген китептери да кезегинде окурмандар тарабынан жылуу пикир жараткан. Драмалары, пьесалары Кыргыз мамлекеттик академиялык драма-театрында коюлган. Таланттуу акын-жазуучу Асанбек Тезекбаев СССР Жазуучулар союузунун мүчөсү болгон. Ал залкар жазуучу-акындар Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев, Насирдин Байтемиров, Байдылда Сарногоев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов жана башкалардын кеп-кеңештерин угуп, калемдеш болгонуна сыймыктанчу. Асанбек агай учурунда наам, атак-даңкка, сыйлыкка кызыкпаган нарктуу, ынсаптуу, айкөл инсан болуптур. Өзүнө эмес, эмгеги менен таанылган башка мугалимдерге сыйлыктарды, наамдарды алып берген экен.
Атакем-алтын түркүгүм эле
—Мени ушул убакытка чейин абдан таасирленткен атамдын публицистикалары, педагогдук ой-толгоолору, очерктери болду. “Адам билими эмес, тарбиясы менен улуу” деген публицистикасын балдарыма да окутуп, дос-туугандарыма да айтып жүрөм. “Мугалим кимдин баласы экенине карабастан, партага отургузуп, жалгыз жүрѳгүн жыйырмага, отузга, кыркка тең бѳлүп, сүйүп окутат. Колуна калем карматып, тамга таанытат. Анын кѳзүн ачып, кѳкүрѳгүнѳ түшүнүк берет.
Кесиби мугалим болгон адам ѳзү окутуп жаткан балдарын келечекте коом үчүн, эл үчүн иштегендей, тѳбѳсү кѳрүнгѳн адам болсо экен деп гана ар дайым тилейт”-деп жазуу менен кээ бир ата-энелер мектепке келип, баласынын окуусу, жүрүш-туруму менен таанышмак тургай, балдарга билим берүү менен бирге таалим-тарбия берүү милдетин мугалимдерге гана жүктөп, өздөрү четке чыга беришкенин, ар кыл мүнөздөгү Алыбай менен Капардын жана алардын балдарынын тарбиясынын мисалында терең ачып берген эле,-деп эскерген эгиздин түгөйү, уулу, Кыргызстандын таяк тартыш федерациясынын негиздеген, самбо күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, маркум Эркинбек Тезекбаев.
Белгилүү педагог Асанбек Тезекбаевдин 2 томдуктан турган чыгармалар жыйнагы 2013-жылы «Бийиктик» басмасынан уул-кыздарынын демилгеси менен жарык көрүп, анын ишмердиги, балбандыгы, баатырлыгы, каармандыгы энергиясы ашып ташып турган биотогу туурасында белгилүү жазуучу Жакып Медетов даректүү баянына да орун берилген.
Мугалимдердин акчасын тонотпогон каармандыгы
Ошондуктан окурмандар дагы ал тууралуу жакындан билсин деген максатта жазуучу Медет Жакыповдун үч бөлүктөн турган абдан көлөмдүү “Сырдуу дүйнө” деген даректүү баянынын кичинекей үзүндү келтирейин.
Асанбек агай Балыкчы шаарынан банктан мугалимдердин айлык акы жана эмгек өргүү учурундагы ачкасын алып, Жумгалга жол тосуп, кеч баратканда аны тоноп алалы деген төрт кишиге моюн бербеген каармандыгы кенен сүрөттөлгөн. Бул баяндын кыскача гана үзүндүсү, бир ирмеми гана:
“Экѳѳ мени менен машинанын арткы кѳңкѳсүнѳ, шопур алдыда олтуруп зуу койдук. Бирѳѳ кара мурутчан кабелтең, абдан олбурлуу неме. Экинчиси да күрсүйгѳн сары орус. Шопуру, орто бойлуу, бирок тууралжын, болук, далылуу. Чаектен узадык. Келатабыз. Үн-сѳз катышпады. Мен деле унчукпай келатам. Алиги кара муруттуусу менин колумдагы саквояжга астартадан бир, эки ирет кѳз чаптыргандай болду. Эмнегедир менин жүрѳгүм алеп-желеп. «Болук неме ары бери чуркаганымдан ушинтип жатса керек» деп жооруп койдум ѳзүмдү ѳзүм сооротуп. Жок. Жүрѳгүм лакылдайт. Берки далдайган сары неме бир кезде:
— Саша токтот! — деди. Анысы «кайч» эткизе тормоз басты.
— Ѳлүмгѳ ѳзүң сурандың, — деди берки кара мурутчаны колундагы канжарын мага кесеп, -Аакчаңды!.. Акчаңды бери сун!
— Кайсы акчаны? – дедим, билмексен болуп.
— Саквояжды! Бол! Тез! Болбосо…
— Ме. Алгыла! — деп, саквояждын оозун ачып, пачка-пачка акчаларды кѳңтѳрѳ чачып жибердим. Ошого алаксып калгандарынан пайдаланып, мага жакын бирѳѳсүн кекиртектен алып, беркисине тумшукка урдум. Экѳѳ тең тоголонуп түшүштү. «Шыңгыр» деп канжар жерге түштү. Сарысын чачтан алып, машинанын капталын эки-үч сүздүрүп, беркисин кекиртектен алып муунтууга үлгүрдүм. Экѳѳнүн тең кѳздѳрү сүзүлүп, мурундарынан кан булая түштү. Шопур монтировкасын алып, мага шилтеп калды. Эмнегедир бир жагыма ооп, жыгылып бараткан экем. Кудай жалгап жаса тийди. Монтировкасын колунан түшүрѳ муштап, чачтан алыл, мурун талаштыра берип-берип алдым. Анын да эси оой түштү. Жолборстой чамынып, ѳлтүрүүдѳн кайра тартпачу түргѳ келдим. Улам кыбыраганын чыкыйга муштап, туш келди талуу жерине тээп, бир нече жолу эстерин оодардым.
— Айдагын! Жаныңдан үмүт кылсаң айда-а! — деп айкырып, монтировканы улам башына таптап шопурду ордуна отургуздум. Адамга жан керек да. Тигилеринен жардам жок. Улам тыркыйта чаап жүрүп олтурдум”.
Ошентип, агай мугалимдердин айлыгын, эмгек өргүү акыларын тонотпой, Миң-Куш шаарчасына аман-эсен жетип, каракчыларды милиция кызматкерлерине салып берген экен. Бул бир жолку гана эрдиги. Белгилүү жазуучу Медет Жакыпов Асанбек агайдын далай эрдиги, балбандыгы, баатырдыгы, элди дарылаган касиети тууралуу дагы абдан кенен баяндаган.
Кайраттуу, эр жүрөк агай бу жарык дүйнө менен 1992-жылы 57 жаш гүлгүн курагында эле кош айтышып кеткени өкүнүчтүү. Балким дагы жашай турганда «Кыргыз эл жазуучусу» же «Кыргыз эл акыны» болмок экен. Бул кишинин чыгармалары ар кыл багытта эле. Айрыкча сатира жанрын жазыш оор, учурда мыкты сатириктерди табыш да кыйын. Бул кишиде юмор күчтүү, таланты бийик болгон экен. Ал эми баланы тарбиялоодогу мугалимдин орду, ролу жөнүндөгү педагогикалык ой толгоолору эмне деген баа жеткис байлык, мурас. Азыркы мугалимдер үчүн дап даяр “шпаргалка” десек болот. Агайдын көзү тирүүсүндө мектеп реформасы тууралуу ошол учурдагы Президентке жазган Ачык каты азыркы учурда дагы актуалдуу болуп турат.
PS: Асанбек агайдын өмүрлүк жубайы, “Манас” дастанын англис тилинде айтуу долбоорунун демилгечиси, бир нече мектептерде директор болгон Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим , Баатыр эне Шааркан Кенжегулова, элге кызмат кылышкан уул-кыздары жана Кыргыз эл жазуучусу Кален Сыдыкова баш болгон окуучулары тууралуу кийинкиде кеңири сөз кылалы.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер