“АРУУЗАТ” КАПА ЖАЙЛООСУНДА

  • 04.06.2020
  • 0

Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы “Аруузат” бала бакчасы өз ишин жайлоодо улантат.

«Аруузат» бала бакчасынын эмгек жамааты жайлоодогу малчылардын балдары үчүн жайкы эс алууларды ары кызыктуу, ары пайдалуу уюштуруу максатында, малчылар көп жайгашкан Капа жайлоосуна көчүп барды. Бала бакчанын директору Назира Усупбаеванын маалыматы боюнча жайлоо бала бакчасында 15-20 бала тарбияланат.

Анын айтымында, “Аруузат” бала бакчасынын эмгек жамааты быйыл үчүнчү жолу жайлоо бала бакчасын уюштуруп жатат. Бөбөктөр жайлоонун шартында, тарбиячылардын көзөмөлүндө пайдалуу оюндарды ойношуп, ден соолуктарын чыңдашмакчы.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер