АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

  • 25.04.2023
  • 0

Бишкек шаарынын мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларын жана алардын ата-энелерин артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалына чакырабыз!

АРТЫКЧЫЛЫКТУУ АДИСТИКТЕР ЖАНА КЕСИПТЕР ФЕСТИВАЛЫ

Иш-чара ушул жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарындагы Эмен паркында өтөт.

Фестивалда колледж жана лицейлердин адистиктеринин жарманкеси, сынактар өткөрүлүп, мода кийимдери көргөзүлүп, колледждердин чыгармачыл жамааттарынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланат.

Фестивалдын хедлайнери — актер Азамат Уланов.

Фестивалдын максаты — колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо, бүтүрүүчүлөр арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптер тууралуу маалымат жайылтуу жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат.

Фестиваль Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Иш-чара саат 10:00дөн 14:00гө чейин уланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер